Депутат: карышкырларды тик учак менен аталы, алар бизге тууган беле

Жазылуу
Эл өкүлү карышкырга жергиликтүү мергенчилердин алы жетпей калганын билдирди.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарын облусунун Ат-Башы районунда карышкыр күч болуп, жергиликтүү мергенчилер атып жетише албай жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Эл өкүлү ага жергиликтүү тургундар кайрылып, карышкыр күнүнө бештен, бир айда 150гө жакын жылкы жеп жатканын билдирди.

"Карышкырга мергенчилердин алы жетпей, айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор чарчап-чаалыгыптыр. Андыктан коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен вертолет алып берип койсо жакшы болмок. Ошого түшүп алып карышкырларды атпайлыбы, ал бизге тууган эмес да", — деди депутат.

Жолдошбаев бул маселени өкмөт тез аранын ичинде карап, бир жыйынтык чыгарса жакшы болмоктугун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0