Ак шумкарлардын президент менен селфиси. Фотофакт

542
(жаңыланган 20:30 26.01.2019)
Сыйлык тапшыруу аземинде Кыргызстан футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу менен оюнчулары өлкө президенти менен селфи кылышты.
Вручение государственных наград игрокам и тренерам Национальной сборной КР по футболу
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын кабыл алып, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Вручение госнаград игрокам и тренерам Национальной сборной КР по футболу
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
КРдин Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов өлкө башчыга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми башкы машыктыруучу Александр Крестинин элдин ынтымагын бекемдеген футболдун күчүн баса белгилеп, материалдык-техикалык базаны жакшыртуу керектигин кошумчалады.

Жээнбеков Турсунали Рустамовдун атасы Азия кубогунда жүргөн маалда туулган наристесине белек ыйгарды. 

Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 2:3 эсебинде утулуп калган.

542
Белгилер:
команда, селфи, футбол, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Жээнбеков футболчуларга сыйлык тапшырып, ыраазылыгын айтты
Футболчуларды аба майдандан эл кантип тосуп алды. Видео
Медициналык кызматкерлер оорукананын коридорунда. Архив

№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет

47
(жаңыланган 10:57 09.07.2020)
Буга чейин медик башкы дарыгер Жусуп Бошкоев өзүнүн тааныштарын, чиновниктерди жана алардын жакындарын жаткырууга медиктерди мажбурлап жатканын айтып чыккан.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкектеги №1 шаардык оорукананын башкы дарыгерине карата айтылган дооматтар боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия текшерүү жүргүзөт. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган ооруканада иштеген дарыгер Дөөлөтбек Ибраимов видео кайрылуу жасаган. Анда башкы дарыгер Жусуп Бошкоев өзүнүн тааныштарын, чиновниктерди жана алардын жакындарын жаткырууга медиктерди мажбурлап жатканын айткан. Ошол эле учурда “ооруканага келген бейтаптар кабыл алынбай калууда” деп билдирген. Мындан сырткары, жеке коргонуу каражаттарын туура бөлүштүрбөй, айрым буюмдарды бербей жатканына нааразы болгон.

Боронов өз жакындары үчүн орун "брондоп" жаткан дарыгерлер боюнча жооп берди

“Бул кайрылуу боюнча атайын көз карандысыз комиссия түзүлдү. Бүгүн Республикалык штабда премьер-министр текшерип, эртеңкиге чейин жыйынтыгын чыгарууга тапшырма берилди”, — деди Акматова.

Мындан сырткары, ал ооруканага келген бейтаптарды кабыл албай эшигин жаап алган медиктердин видеосу боюнча дагы жооп берип, эгер орундуктарды сатуу фактылары катталса, башкы дарыгер кызматтан алынарын эскертти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

47
Белгилер:
кайрылуу, комиссия, текшерүү, дарыгер, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
Медициналык кызматкерлер. Архив

Дагы 83 медицина кызматкеринен коронавирус чыкты

12
(жаңыланган 10:47 09.07.2020)
Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 1370 учур катталып, анын ичинен 532 медик стационардан чыккан.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 83 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 20;
  • Чүй облусунда – 5;
  • Ош шаарында – 22;
  • Ош облусунда – 12;
  • Нарын облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 8;
  • Жалал-Абад облусунда – 8;
  • Баткен облусунда – 5.

Ал эми бир суткада 10 медкызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда кечээтен бери пневмонияга чалдыккан 42 адам ажал тапты

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 1 370 учур катталды, алардын ичинен 532 медик стационарлардан айыгып чыккан.

12
Белгилер:
жуктуруу, коронавирус, кызматкер, медицина
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Бир суткада дагы 361 адам коронавирус жуктуруп алды
Коронавирус өткөн суткада төрт кишинин өмүрүн алды. Соңку маалымат
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Күздө өтчү шайлоодо 44 партия ат салышмай болду. Тизме

0
(жаңыланган 11:06 09.07.2020)
Саясий партиялардын документтерин кабыл алуу мөөнөтү 8-июлда соңуна чыкты. БШКга жалпы 44 саясий партия тиешелүү кагаздарын жиберген.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Күздө боло турчу парламенттик шайлоого 44 саясий партия катышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, партиялардын документтерин кабыл алуу иштери 8-июль күнү соңуна чыкты. БШКга жалпы 44 саясий партия тиешелүү кагаздарын жиберген:

  • "Ата Мекен"
  • "Мекенчил"
  • "Бирик"
  • "Мекен Ынтымагы"
  • "ОРДО"
  • "Бийлик элге" (Власть народу)
  • "Чон Казат"
  • "Партия коммунистов Кыргызстана"
  • "Единство народа"
  • "Политическая партия Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых локальных конфликтов"
  • "Актив"
  • "Рабочая партия Кыргызстана"
  • "Республика"
  • "Аграрная партия Кыргызской Республики"
  • Политическая партия Государственного единства и патриотизма "Бир Бол"
  • "Демократ"
  • "Улуу журт"
  • "Партия зеленых Кыргызстана"
  • "Партия Труда"
  • "Социал-демократы"
  • "Бүтүн Кыргызстан"
  • "Таза Коом"
  • "Ар-Намыс" (партия достоинства)
  • "Кыргызстан"
  • "Ыйман Нуру"
  • "Ак Калпак"
  • "Мекеним Кыргызстан"
  • "Адам-Демократ"
  • "Жаратман Эл"
  • "Биримдик" (Единство)
  • "Реформа"
  • Народно-Демократическая партия Кыргызстана
  • "Глас народа"
  • "Улуу Кыргыстан"
  • Кыргызстандык Социал-Демократическаялык партиясы
  • "Тартип-Порядок"
  • "Замандаш"
  • "Патриоты Кыргызстана"
  • "Народный контроль"
  • "Бүткүл жаштар саясий партиясы"
  • "КУТ"
  • Либерально-демократическая партия "НУР"
  • "Өнүгүү — Кыргызстан"
  • "Билим Илим Ордосу"

Кыргызстанда шайлоо камы башталды. Ким, эмнеге даяр болушу керек

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.

0
Белгилер:
шайлоо, саясый партия, БШК, Кыргызстан
Тема боюнча
БШК 21 млн сомго тендер жарыялады. Акча эмнеге жумшалат?
Жээнбеков БШК төрайымы менен шайлоого даярдыкты талкуулап, милдеттерди атады
Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт