Аида Салянованын агасы Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча АКШда кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын ырасташынча, 2014-жылы 55 жаштагы Калыбек Элтуйбасов 10-мартта сауналардын бириндеги көзөмөл камерадагы жаздырууну өчүргөн. Ошол күнү кыз өлтүрүлгөн.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын аталаш агасы Калыбек Элтуйбасов Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча АКШда кармалды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Саляновду Кыргызстандын ИИМинин сурамжылоосу менен кармашкан. Экстрадициялоо маселеси каралып, тергөө иши уланууда. Өлүмдүн башка себептери да такталып жатат.

Коррупция в министерстве МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Паракорлукка шектелип ИИМдин азыркы жана мурдагы кызматкерлери кармалды
2014-жылы 10-мартта белгисиз себептер менен 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева өлтүрүлгөн. Кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн буруп, ИИМдин мурдагы министри Мелис Турганбаев ишти аягына чыгарууга убада берген.

2016-жылы 21-ноябрда министрликтин кийинки жетекчиси Кашкар Жунушалиев да кылмыш ишин иликтей тургандыгын айткан.

Милициянын ырасташынча, 2014-жылы 55 жаштагы Калыбек Элтуйбасов 10-мартта сауналардын бириндеги көзөмөл камерадагы жаздырууну өчүргөн. Ага эс алуучу жайдын жетекчиси А.Н. жардам берген. Ошол учурда видео милицияларга дагы керек болгон.

Элтуйбасовго өндүрүштүк тергөөгө тоскоол болгону үчүн сыртынан айып тагылган. ИИМдин башкы иликтөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0