ИИМ бир нече жетекчини жумуштан алмак. Бирок бардыгы "ооруп" калды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым жетекчилердин иши 2019-жылдын алгачкы кварталында каралат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. ИИМ узаган жылдын жыйынтыгы боюнча кызматын так аткарбагандыгы үчүн ички иштер органдарындагы 10 жетекчини дисциплинардык тартипте жазалады. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, айрым жетекчилердин иши 2019-жылдын алгачкы кварталында ИИМдин коллегиясы тарабынан каралат. 

"Министрликтин чечими менен Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Оштун Чоң-Алай жана Чүйдүн Аламүдүн райондорунун ички иштер башкармалыктарынын жетекчилеринин ыкчам-кызматтык иши да каралып, натыйжада алар жумуштан бошомок. Бирок ден соолуктарына байланыштуу суроо кийинчерээк карала турган болду", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле ИИМдин коллегиясынын чечими менен Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Октябрь Урманбетов ээлеген кызматынан бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0