Бишкек ТЭЦи. Архивдик сүрөт

Бишкек ТЭЦинде кайрадан көйгөй жаралды. Бир жыл мурдагы окуя кайталанабы

1335
(жаңыланган 20:30 26.01.2019)
Учурда жеринде атайын комиссия иштеп жатат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 26-январда Бишкек ТЭЦинде кайрадан авария болгонун "Электр станциялары" ишканасынан кабарлашты.

Сууну тармак-тармак кылып кетирген ири түтүктө калпыстыктар жаралган. Бул ТЭЦти модернизация кылып жаткан учурда болгондугу айтылды. Учурда жеринде атайын комиссия иштеп жатат.

Бул иштерди жасоо үчүн "Бишкекжылуулук тармагы" ишканасынын абоненттерине жылуулук берилүүчү сууну өчүрүү туурасында айтылды.

"Оңдоо жүрүп жатканда Бишкектин түштүк бөлүгүндө жылуулук берүүнүн нормасы төмөндөйт. Магистралдагы Запад-1 жана Запад-2 (шаардын борбордук бөлүгү, темир жолдун түндүк жагы) түтүктөрүндөгү суу өчүрүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Ишти кечки саат 21:00гө чейин бүтүрүү пландалууда.

Маалымат кызматы тиешелүү оңдоо иштерин болушунча тезирээк бүтүрүүгө адистерге тапшырма берилгендигин айтты.

Мындан бир күн мурда, 25-январда, Бишкектин бир нече кичирайондордогу көп кабаттуу үйлөргө жылуулук жетпей жатканы маалымдалган. 

Ал эми мындан туптуура бир жыл мурда Бишкек ТЭЦинде ири авария болуп, шаардыктар бир нече күн аяздуу суукта жылуулуксуз калган. 2018-жылдын 26-январында кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Мындай мүчүлүштүккө кыргыз коомчулугу катуу нааразылыгын билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер сурак берип, камакка алынган. Соттук иштер алиге чейин аягына чыкпай, уланып келүүдө. 

1335
Белгилер:
авария, ТЭЦ, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек ТЭЦине дагы 1,2 млн. доллар жумшалат. Акча эмнеге кетет?
Кыргызстан ТЭЦ боюнча документтерди алуу үчүн Кытайга кайрылат