Бишкектин жатаканалары жөнүндөгү чындык. Биз сыймыктанган жигиттердин баяны

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖатаканада жуунуп жаткан балдар. Архив
Жатаканада жуунуп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нанга тыйын табуу үчүн Урмат Карыбаев элиталык казинодо идиш жуучу. Тамак жасоо жаш жигиттин колунан келчү эмес, андыктан жатаканадагы коңшу кыздар менен келишим түзүп алган: ал кыздарга жер-жемиш алып барып турат, алар даамдуу лагман жасап берет... Бир топ жыл өткөн соң Урмат карьера куруп, досу менен чогуу ири жана маанилүү иш түптөйт.

Улан Чойтонбаев Казакстанда ийгилик жараткандардын бири. Ал азыр ири бир ишканада юридикалык жана логистикалык маселелер боюнча иш алып барат. Качандыр бир кезде Бөкөнбаев айылында досу Урмат Карыбаев менен бир көчөдө турушчу.

Урматтын карьерасы да жолго салынган, ал бишкектик бир курулуш компаниясынын вице-президенти. Бул эки мырза мамлекеттин көйгөйлөрүнө четтен карап тура албаптыр. Алар "Шатылы" аталган алгачкы боз үй лагерин өздөрү топтогон каражатка ачкан. Ал жакта эмгек мигранттарынын балдары акысыз эс алышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековУлан Чойтонбаев жана Урмат Карыбаев "Шатылы" аталган алгачкы боз үй лагерин өздөрү топтогон каражатка ачкан. Ал жакта эмгек мигранттарынын балдары акысыз эс алышат.
Предприниматели Урмат Карыбаев и Улан Чойтонбаев - Sputnik Кыргызстан
Улан Чойтонбаев жана Урмат Карыбаев "Шатылы" аталган алгачкы боз үй лагерин өздөрү топтогон каражатка ачкан. Ал жакта эмгек мигранттарынын балдары акысыз эс алышат.

— Өзүңүздөр жөнүндө билсек.

Улан Чойтонбаев: — Экөөбүз тең Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында 80-жылдары төрөлгөнбүз. Карапайым үй-бүлөдөнмүн, апам — мугалим, атам телекоммуникация тармагында иштейт. Совет маалында баары жакшы болчу, айылдыктардын иши бар эле, көпчүлүгү коңшу Кажы-Сайда эмгектенишчү.

Урмат Карыбаев: — СССРдин ыдырашы менен баары өзгөрдү. Совет учурунда иштөө гана керек, калганын мамлекет жасап берет деп көндүрүшкөн. Анан баары кыйрады.

Айылда болуп көрбөгөндөй узун кезек жарала баштаганы эсимде. Нанды да биз талон менен алчубуз, жумасына 6 гана бөлкө берилчү. Атам жети жашар мени: "Мобу байкенин артында туруп тур, жумуштарды бүтүрүп, бир сааттан кийин келем", — деп кезек күттүрүп койчу. Наавайкананын алдында анан бир нече саат кезек күтүүгө туура келчү.

Ошентсе да апам жайыл дасторкон аял. Анын эпчилдигинен  жетишпеген турмушту сезген эмеспиз. Айрыкча, 1998-жылы абдан оор болду. Баары иштегени менен маяна жарым жылдап берилбей калган. Айылда эч кимде акча жок. Ошондо мага акча деген бир уламыштай, эми эч качан болбой тургандай туюлду эле.

© Sputnik / Табылды КадырбековУлан Чойтонбаев: Курулушта, кийин Samsung телефондорун чогултуу заводунда иштөөгө үлгүрдүм. Жакшы акча топтодум, айына 1800 доллар тапчумун. Анан Кыргызстанга билет алдым да, ал жакка эч качан келбейм деген ой менен учуп кеттим.
Предприниматели Улан Чойтонбаев и Урмат Карыбаев - Sputnik Кыргызстан
Улан Чойтонбаев: Курулушта, кийин Samsung телефондорун чогултуу заводунда иштөөгө үлгүрдүм. Жакшы акча топтодум, айына 1800 доллар тапчумун. Анан Кыргызстанга билет алдым да, ал жакка эч качан келбейм деген ой менен учуп кеттим.

— Ошол убакта адамдар айылдан көп көчүп кете баштаса керек?

Улан: — Ошондой эле болду. Кай бири челнок болду, экинчиси картошка сатты. Бирок Казакстан же Россияга кетүү баарынан пайдалуу болду. Үйдө балдардын улуусу элем, иним менен карындашым университетте окушчу, үй-бүлөмө көмөктөшүү үчүн Түштүк Кореяга кетип калдым.

Азиздердин кыргыз федерациясынын жетекчиси Гүлназ Жүзбаева - Sputnik Кыргызстан
Кафелерде акчамды төлөп коюуга ашыккандар көп... Гүлназдын баяны
Албетте, билетке акчам жок болчу, бирок кыргыздарда туугандардын колдоосу күч эмеспи. Мени Түштүк Кореядан мекендештер тосуп алып, эмерек заводуна ишке орношууга жардам беришти.

Бир-эки айдан кийин "нан берип койчу", "бул канча турат?" деген өңдүү жөнөкөй эле сүйлөмдөрдү үйрөнүп алуу үчүн корей тили курсуна барууга туура келди.

Курулушта, кийин Samsung телефондорун чогултуу заводунда иштөөгө үлгүрдүм. Жакшы акча топтодум, айына 1800 доллар тапчумун. Анан Кыргызстанга билет алдым да, ал жакка эч качан келбейм деген ой менен учуп кеттим.

— Эмнеге? Түштүк Кореяда сизге эмне жакпай калды?

Бир жаш тогуз ай болгон кызым мени бир да жолу көрө элек деген ой кыйнап жиберди. Үй-бүлөмдү ушунчалык сагынып, түндө кээде ыйлап чыкчумун.

Бирок Кыргызстанда иш табалбай койдум. 200-300 долларлык иш мени канааттандырган эмес, курган ишим да оңунан чыкпай калган. Россияга кетип калдым, жашылча-жемиш саттым.

— Россиядагы эмгек мигрантынын жашоосу жөнүндө айтып берсеңиз.

— Буга чейин сүрөттөлүп келгендей бир батирде 30 киши жашаган жокпуз, кепти ушундан баштайын. Новокузнецкиде жашадым, ал жакта турак жай жеткиликтүү эле баада. Чындыгында, жумуш аябай оор болчу, таңкы 4тө үйдөн чыгып, түн ортосунда кайтчумун. Ошентсе да мээнеттин акыбети кайтат экен, чогуу иштеп Россияда калып калгандардын арасында ишкерлер арбын.

Мени Казакстанга чакырып калышты, корей фирмасына котормочу болуп кирдим. Ошентип менин карьерам өрүш алды.

© Sputnik / Табылды КадырбековУрмат Карыбаев: СССРдин ыдырашы менен баары өзгөрдү. Совет учурунда иштөө гана керек, калганын мамлекет жасап берет деп көндүрүшкөн. Анан баары кыйрады.
Предприниматель и архитектор Урмат Карыбаев - Sputnik Кыргызстан
Урмат Карыбаев: СССРдин ыдырашы менен баары өзгөрдү. Совет учурунда иштөө гана керек, калганын мамлекет жасап берет деп көндүрүшкөн. Анан баары кыйрады.

— Урмат, сиз бийиктиктерди кантип багындырдыңыз?

Урмат Карыбаев: — 2001-жылы мектепти аяктадым. Ата-энем карапайым кишилер. Атам ошол убакта жумушсуз калган, бүтүндөй үй-бүлөбүз мугалим апамдын 700 сом өлчөмүндөгү маянасына жашачу.

Кардиохирург болгум келчү, бирок окуу акысы жылына 12 миң сом экен, бул сумманы биздин үй-бүлө көтөрө алмак эмес. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырууга туура келди, ал жакка жылына 7 200 сом төлөнчү.

— Бишкекте кайда турдуңуз анан?

— Жатаканада. Кыздарга караганда негедир балдар жатаканада жашоодон чочулашат, бирок коркуунун кереги жок. Ар бир жаш адамга жатаканада жашап көрүүгө кеңеш берер элем. Көп нерсеге муктажсың, ошондой шартта да ири жамаат ичинде жашап кетүүгө аракеттенишиң керек.

Мастер по изготовлению кожаных изделий Улан Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан
Баары 150 сомдук булгары билериктен башталды... Жаш ишкердин маеги
Ошол убакта эле иштечүмүн. Адегенде курулушка орноштум, анда бишкектиктер арасында коттедж куруу модага айланган. Күнүнө 150 сомдон алам. 30 жылдык тажрыйбасы бар мугалим апам айына 700 сом, ал эми мен ар күнү 150 сом тапчумун!

Кийин элиталык казинодо идиш жуугуч болдум. Андан соң мага пияз, картошка аарчууну табышташты. Кыйыныраак болсо да тапканым тамакка да, түзүгүрөөк кийимге да жете баштады.

Азыр сизге жатаканадагы турмуштан кеп салайын. Ал жакта эч нерсе жетпейт. Жатаканада ким бүгүн манту түйөт, кимдин көйнөгү жаңы, кабар тез эле тарайт. Жакшы буюмдар менен бөлүшүп, кийип турууга беришчүбүз. Бири-биринен тамак уурдаган ээнбаштар да болгон.

Тамак жасаганды билчү эмесмин агезде, анан бир амалын тапкам, кыздар мага палоо, лагман жана манту жасап берет, мен анын акысына жемиш жана балмуздак сатып берем деп макулдашып алганбыз. Ошентип алтынчы курска дейре окугам, негизи ал жакта мен абдан сыйлуу киши болуп эсептелчүмүн!

Кийин архитектуралык студияга ишке орноштум. Азыр Бишкектеги курулуш компаниясынын вице-президентимин.

© Фото / Салтанат Курмамбек"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
Шатылы алгачкы боз үй лагери - Sputnik Кыргызстан
1/4
"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
© Фото / Салтанат Курмамбек"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
Шатылы алгачкы боз үй лагери - Sputnik Кыргызстан
2/4
"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
© Фото / Салтанат Курмамбек"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
Шатылы алгачкы боз үй лагери - Sputnik Кыргызстан
3/4
"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
© Фото / Салтанат Курмамбек"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
Шатылы алгачкы боз үй лагери - Sputnik Кыргызстан
4/4
"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
1/4
"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
2/4
"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
3/4
"Шатылы" алгачкы боз үй лагери
4/4
"Шатылы" алгачкы боз үй лагери

— Сиздерге, бутуна турган эки жигитке эмгек мигранттарынын балдары үчүн бир нерсе жасоо боюнча ой кандайча келди?

Улан: — 2014-жылы "Мекендештер" форумуна катышкам, анда эл ушул теманы талкуулады. Чоң ата-чоң апалардын колунда калган балдар кантип жашары баарыбызга белгилүү эмеспи. Эгер ата-эне аларды жанына алса деле анын да экинчи тарабы бар, чет жерде балдар эне тилин, маданиятын унутат. Боз үй лагерин уюштуруу пикири ошондо жаралган. Урматка жана дагы бир кишиге кайрылгам, бүгүн маекке ал келе албай калды.

Урмат: — Архитектор катары баамымда, лагерь үчүн эң ылайык орун таптык. Ал Ысык-Көлдөн 10 чакырым ыраакта жайгашкан, Балыкчыдан Караколго чейинки жээк көрүнгөн ажайып жерде. Ал эми артында укмуштай кооз тоолор бар.

— Боз үй лагерин курууга канча каражат кетет?

Бизнесмен и программист Акылбек Эсеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жакырчылыкты көрүп эсим ооп калды. Индияда жашап келген жигиттин баяны
Улан: — 20 миң доллардан ашык чыгым кетти. Жерди 40 жылга ижарага алдык, Кызыл-Туу айылынан боз үй сатып алдык. Баса, бул жашынан аксакалына чейинки ар бир тургуну боз үй жасаган Кыргызстандагы жападан жалгыз айыл. Мындай бизнес пайдалуу экен, бир боз үй 3-8 миң доллар турат. Азыр биздин 8 боз үйүбүз бар, келерки жылы дагы 12ни тигебиз деп турабыз.

Быйыл жайда бизге балдардын биринчи тобу келди, чыгымдарын демөөрчүлөр төлөп берди. Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги бардык облустан 300дөй кишини чогулткан. Эгер ачыгын айтсак, алгачкысында майда балдарды лагерге чогултуудан чочулап, бул ирет 18ден 25 жашка чейинки жаштарды топтодук.

— Алар менен иш алпарууда кыйынчылык жаралган жокпу?

Улан: — Өздөрү тоодо өскөндүктөн, Нарындан келген балдарга өтө кызык болгон жок, андыктан 7-8 бала дароо эле кетип калды. Калгандары менен кыйналган жокпуз.

Биз азык-түлүк алып бердик, балдар өздөрү казанда ботко, палоо, куурдак жасап жатышты. Билбегендери да өздөштүрдү! Боз үй тиккенди, атка мингенди үйрөнүштү. Аяктаганда айрымдары кеткиси келбей көздөрүнө жаш алышты.

Менеджер Программы финансирования устойчивой энергии в КР Нурзат Абдырасулова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга келип башка чапкандай болдум. Сейрек кесиптин ээси менен маек
Бизде акча төлөп да, акысыз да эс алууга болот, бекер лагерь эмгек мигранттары, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн уюштурулат.

Эмдиги жылы балдарды кийиз өнөрчүлүгүнө үйрөтөбүз, кыргыз тили, өлкөнүн тарыхы жана "Манас" эпосу жөнүндө дарс окуган мугалимдерди ишке алууну ойлонуштуруп жатабыз. Балдарга боз үй тигүү жана атка минүүнү үйрөткүбүз келет.

Урмат: — Ошондой эле балдардын гид, котормочу, ашпозчу сыяктуу кесиптерди өздөштүрүүсүнө шарт түзүп берүүнү да пландап жатабыз. Жергиликтүү балдар өздөрү экобаштыктарды тиге алгыдай иш орундарын жаратууну ойлондук. Параплан, дельтаплан жана тарзанканы да программага киргизүү ойдо бар!

Баса, деңиз деңгээлинен үч метр бийиктикте япон стилиндеги чай үйүн куруу кыялым бар, анда Ысык-Көлдүн итмуруну менен карагатынан суусундуктар сунулмакчы.

Улан: — Кыргызстанды башка адамдарга да таанытканыбыз чоң мааниге ээ, себеби өзүбүздүн эл да кандай кайталангыс өлкөдө жашай турганын толук аңдай бербейт!

Жаңылыктар түрмөгү
0