Бишкектин түштүк бөлүгүнө жылуулук берүү калыбына келди

Жазылуу
Бишкек жылуулук борборундагы көйгөйдөн улам шаардыктарга ысык суу менен жылуулук берүү токтотулган болчу.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келгенин "Бишкекжылуулуктармактары" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

26-январда Бишкек жылуулук борборунун түтүктөрүндө көйгөй бар экени белгилүү болгон. Оңдоп калыбына келтирүү иштерин аткаруу үчүн ысык суу менен жылуулук берүү токтотулган. Андан улам шаардын түштүк аймагындагы үйлөрдө жылуулук берүү төмөндөгөн. Батыш-1 жана Батыш-2 магистралдык түтүктөрүнүн иштөөсү токтотулган. Бирок жаралган көйгөй ошол эле күнү жөнгө салынган.

"27-январда таңкы саат 5:30да шаарды жылуулук менен камсыздоо иштери аяктап, калыбына келтирилген. Учурда жылуулук тармактары кадимки тартипте иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Эгер үйүңүздөгү жылуулук батареялары муздак болсо, "Бишкекжылуулуктармактары" төмөнкү телефондорго чалууну суранат:

— колл-борбор 61-11-69, 1980;

— диспетчердик кызматы 56-85-58;

— Борбордук эксплуатациялык району (1-аймак) 36-57-19;

— Борбордук эксплуатациялык району (2-аймак) 30-07-67;

— Түштүк эксплуатациялык району (1-аймак) 51-06-22;

— Түштүк эксплуатациялык району (2-аймак) 21-74-06.

Жаңылыктар түрмөгү
0