Бажы кызматы быйыл план толтура албай калды. Себеби эмнеде?

Жазылуу
2018-жылга карата план 43,5 миллиард сом деп бекитилген.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бюджетке 41,7 миллиард сом түштү. Бул туурасында аталган кызматтын төрагасы Алмаз Оңолбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылга карата бажы төлөмдөрүнүн планы 39,8 миллиард сом деп бекитилген. Бирок тогуз айдын жыйынтыгына карап пландын көлөмү дагы жогорулатып 43,5 миллиард сом (2017-жылга карата 9,3 мрлд. сомго көп) болгон.   

"Иш жүзүндө 41,7 миллиард сом бюджетке түштү. Пландын толук аткарылбай калышынын негизи себеби ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ташып келинген товарлардан бажы алымдарынын толук түшпөй калышы болуп саналат", — деди Оңолбеков.

Деген менен ал 2017-жылга салыштырмалуу 7,5 миллиард сомго көп бажы төлөмү чогултулганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Бажы кызматынын төрагасы жана анын орун басарлары кызматтын 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0