БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында 2-февралда "Тазалык" ишканасынын кызматкери Жеңиш Касымовдун операциясына акча чогултуу максатында жарманке өтөт. Бул туурасында уюштуруучулардын бири, аталган уюмдун маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.
Ал социалдык тармакка жазып, каалагандарды жарманкеге катышууга чакырып, #ЖенишЖиви хештегин койду.
Эске салсак, муниципалдык "Тазалык" ишканасынын кызматкери Жеңишбек Касымовдын боору жабыркап, чет өлкөдөн жасай турган операцияга муктаждык жаралган. Буга чейин Түркияга дарыланууга учуп барып, бирок ал жактан донор туура келбей, жасалбай калган.
Эми донор табылып, операцияны Индиядан жасоо пландалууда. Маалыматта 30 миң доллар каражат керектиги, кесиптештери, боорукер адамдар тарабынан 12 миң доллар чогулгандыгы айтылган. Боорду алмаштыруу чукул убакытты талап кылууда.
Иш-чаранын демилгечиси Каракеева кесиптеши Касымовдун илдетине кайдыгер карабаган адамдарды жарманкеге катышууга чакырды. Ал өзүнүн колунан чыккан буюмдарын да сатыкка койгонун билдирди.
"Жарманкеден кызыктуу жана жакшы сапаттагы буюм-тайымдарды сатып алууга болот. Боорукер кишилер ар кыл буюмдарды сатыкка деп берип жаткан учурлар бар. Эгерде сиздердин араңыздарда да ушундай ыкма менен жардам берем дегендер болсо, кубануу менен кабыл алабыз", — деп билдирди Каракеева.
Ал чогулган каражаттын бардыгы Касымовдун Индияда жасалат деп пландалып жаткан операциясына жумшаларын айтты.
Каракеева жардам көрсөтөм деген жарандар болсо же кандайдыр бир суроолор жаралса, 0555827028 телефон номерине чалып кайрылууну кошумчалады.
Касымов учурда дарынын жардамы менен жашап келет.