Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Ачык асман" мыйзамынын арты менен ким каражат табат?

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүМеждународный аэропорт "Сочи" в Адлере
Международный аэропорт Сочи в Адлере - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабыл алынган жаңы мыйзамдын алкагында "ачык асмандын бешинчи тепкичи" киргизилет.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов "Аба кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын арты менен кимдер каражат табарын айтып берди.

Манас эл аралык аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Авиабилеттер 40 пайызга арзандайт дешти. Жаңы мыйзамда дагы эмне бар?
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-январда, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Ачык асман" мыйзамы боюнча тегерек стол болуп өттү.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин айтымында, өзгөртүүлөрдүн негизинде "ачык асмандын бешинчи тепкичи" киргизилет — чет элдик учактар жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды Кыргызстанга алып келип, кайра башка өлкөлөргө ташый алат.

Эргешов белгилегендей, мыйзамдын кабыл алынышы авиакаттамдардын баасына таасир этпейт.

"Бүгүнкү күндө Бишкектен Москвага учуу 140 долларды түзөт. Баалар төмөндөбөйт. Бирок кыргызстандыктар үчүн жакшы жери Европа менен түштүк-чыгыш Азияга түз каттамдар ачылат", — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле жаңы мыйзамдын арты менен транзиттик рейстерди кабыл алган аэропорттор каражат табарын, кызматтар кеңейтилгендиктен жаңы жумушчу орундар түзүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0