Редакция "Тибиртке" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында 1995-жылы жарык көргөн "Манас энциклопедиясы" китебин барактады. "Манас" эпосунда жалпысынан 500дөн ашык каармандын аты аталат. Анын жарымынан көбүн эркектер түзөт. Биз бул жолу айрым кыз-келиндердин ысымына токтолдук.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шейшемби, 9-март күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +15...+17 жана Ош калаасында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.
8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай жоокерлер өз апаларын, эжелерин айттырбай барып куттуктап, кубантышкан.
Энелердин жүрөгү элжиреп "силер бактылуу болсоңор, мен бактылуумун" деп алкап жатканын көрүүгө болот. Ал эми көчөдө баратып аскерлердин колунан гүл, открытка алган айымдар көңүлү көтөрүлүп рахматын айтышты.
"Жаздын алгачкы күнү менен келген бул майрамда сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Бар болуңуздар, кымбаттуу, нур жүздүү, ай-чырайлуу айымдар!" — деп жазылган маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Видео Ички иштер министрлигинин YouTube каналына жайгаштырылган.