Кыргызстанда 2016-жылдан бери абактагыларга мунапыс бериле элек

Жазылуу
Депутат Масалиевдин айтымында, учурда абактарда 11 140 жаран бар.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Эгер мунапыс берилсе, абактагы 285 киши эркиндикке чыгат. Андан сырткары, 2879 кишинин жаза өтөө мөөнөтү кыскарат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билчү белеңиз? 2019-жылы кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртчү нерселер

Ал ошондой эле мунапыс жалпысынан 4172 кишиге жайылтыла турганын кошумчалап, мунапыс акыркы жолу 2016-жылы болгонун белгиледи.

Бүгүн депутаттар "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал биринчи окууга киргизилет.

Эл өкүлү Дастан Бекешев мунапыс берүү жаңы кодекстерге каршы келбейби деген суроосун берди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Исхак Масалиев депутаттар биринчи окууда мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берсе, экинчи окууда жаңы кодекстердин талабына шайкеш келтирип алып келерин билдирди.

Масалиевдин айтымында, учурда абактарда 11 140 жаран бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0