Чек арадагы атышуу: дагы бир жаран ооруканага түштү

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБейтап. Архив
Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-январдын түнүндө "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында аткезчилер ортосунда атышуу болгону маалымдалган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинин жанындагы атышуудан жабыркаган дагы бир жаран Бишкектеги ооруканалардын бирине түштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдирди.

Чек арадагы атышуу: жабырлануучу өз версиясын айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы атышуу: жабырлануучу өз версиясын айтты. Видео

Ал башынан, ийнинен жана бутунан жаракат алганы тууралуу интернетте айтып чыккан Асхат аттуу адам. Учурда конвоирдин кайтаруусунда.

Буга чейин 26-январдын түнүндө "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинде аткезчилер ортосунда атышуу болгону маалымдалган. Ал ортодо интернетте дал ошол атышуудан башына, бутуна жана далысына ок жеди делген кишинин видеосу тарады. Өз кезегинде милиция ал жаран башка күбөлөр менен чогуу суракка алынганын билдирген.

Чүй ОИИББдин тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Улан Жукенов маалымдагандай, аталган жаран кийинки сурактарга келген эмес. Андан сырткары, 26-январдын түнүндө көкүрөк тушка ок жеген башка киши күбө катары сурак берип, окуя тууралуу өз версиясын айтып берген.

Анын билдиргенине караганда, Асхат ага өзү ок чыгарган. Ошондон кийин жабырлануучу качып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0