Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Укук коргоочу: никесиз төрөгөн аялдар элден коркуп кылмышка барат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков "Лига" коомдук фондусунун директору Назгүл Турдубекова. Архивдик сүрөт
 Лига коомдук фондусунун директору Назгүл Турдубекова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тегерек стол учурунда никесиз төрөгөн аялдар элдин сынынан коркуп, ымыркайларды балдар үйүнө берип жатканы айтылды.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргыз коомчулугунда ымыркай никесиз төрөлсө, анын энесинин үй-бүлөсү үчүн уят катары эсептелет. Элдин сынынан коркуу сезими энелерди ойго келбеген кылмыштарга түртүүдө. Бул тууралуу "Лига" коомдук фондусунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Кыргызстанда наристелердин өлүмү көп каттала баштады. Кырдаалдан кантип чыгуу керек" аттуу тегерек стол уюштурулду. Анын алкагында Назгүл Турдубекова да өз ою менен бөлүштү.

"Негизинен бала өлтүрүүгө түгөйү тарабынан колдоо таппаган жаш кыздар барат. Негизи көпчүлүк мындай окуялар жакыр жашаган үй-бүлөлөрдө болот деп эсептешет. Бирок бул чоң жаңылыштык. Коркунуч тобуна өзүнүн укугун билбеген жана ымыркай үчүн жоопкерчилик сезбеген бардык өспүрүмдөр кирет", — деди Турдубеков.

Ооруканадыгы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда киши колдуу болгон балдар. Үрөй учурган сандар
Ал ошондой эле элдин сынынан коркуу сезими дагы аялдарды кылмышка түртөрүн кошумчалады.

"Коомчулукта аял никесиз боюна бүткөн факт уят катары эсептелет. Жаш кыздар чет өлкөдө иштеп жүрүп боюна бүткөн учурлар болгон. Алар төрөгөндөн кийин ымыркайды балдар үйүнө беришкен. Мындай кадамга "уяттан" коркуп барышкан", — деди Турдубекова.

Укук коргоочу белгилегендей, кээ бир учурларда балдарын акылынан айныган аялдар өлтүрүп алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0