Кыргызстан канчанчы орунда? Дүйнөдөгү коопсуз өлкөлөр аталды

Жазылуу
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен аталган рейтингге эки гана мамлекет кирген.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Англис тилдүү Global Finance журналы түзгөн "Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө" рейтингинде Кыргызстан 80-орунга илинди.

Тизме боюнча серепчилер дүйнөдөгү 128 мамлекеттин абалын карап чыгышкан. Рейтинг өлкөдөгү аскердик конфликт, жарандардын коопсуздугу, экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчү жана жаратылыш кырсыктары сыяктуу критерийлерге таянуу менен түзүлгөн.

Республиканский выпускной вечер в Чечне - Sputnik Кыргызстан
Туура эмес тамактануудан өлүм көп катталган өлкөлөр. Кыргызстан 3-орунда
Кыргызстан 11,43 упай алган. Рейтинг түзгөндөр өлкөдө кылмыштуулук жана дүйнөгө коркунуч орточо көрсөткүчтө экенин аныкташкан.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан жакшы көрсөткүчкө жеткен. Коңшу өлкө 44-орунга илинип, 9,50 упай топтогон. Башка кошуна өлкөлөр тизмеге кирген эмес.

Басылманын тандоосу боюнча Исландия эң коопсуз өлкө деп тандалса, экинчи орунду Щвейцария, ал эми үчүнчүнү Финляндия алган. Алдыңкы ондукка Португалия, Австрия, Норвегия, Катар, Сингапур, Дания жана Жаңы Зеландия кирген.

Гватемала, Йемен жана Филиппин дүйнөдөгү эң кооптуу өлкө деп аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0