Үйдөн жок, же... "Альянс Курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү митингге чыкты

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаМитинг дольщиков компании "Альянс Курулуш"
Митинг дольщиков компании Альянс Курулуш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогулгандар айласы кетип, аргасы түгөнгөндө ушундай кадамга барууга аргасыз болушканын бир ооздон айтышууда.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. "Альянс Курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыкты. Алар компания куруп беребиз деген имараттарды толугу менен бүтүрбөй создуктуруп жатканын айтышты. Ишкананын ээси Максим Альянов убактылуу кармоо жайында жатканын билдиришти.

Өзүн Чынара Орозбаева деп тааныштырган жаран көп жылдап иштеп тапкан акчасына бир батирлүү үй алам деп 16 миң долларды накталай төккөнүн белгиледи.

"Курулуштун пайдубалы түптөлүп жатканда батиримди сатып акчасын бул жакка бергем. Биз менен келишим түзүлүп, 2018-жылдын августунда үйдү толук куруп беребиз дешкен. Бирок андай болгон жок. Курулуш иштери 2018-жылдын май айында токтоп калды. Нааразычылыгыбызды билдирип, арыз жазганбыз. Андан кийин укук коргоо органдары Максим Альяновду убактылуу кармоочу жайга киргизишти", — деди ал.

© Sputnik / Гулдана Талантбекова"Альянс Курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыкты
Митинг дольщиков компании Альянс Курулуш - Sputnik Кыргызстан
"Альянс Курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыкты
Бирок андан бери 10го чукул сот отуруму болгонун, бирок үлүшчүлөрдүн укуктары менен талаптары такыр корголбой жатканына токтолду.

Митингге чыккандар учурда компаниянын бухгалтерлери менен менеджерлерине карата да чара көрүлбөй жатканын белгилешти. Эгер алар сотко келип көрсөтмө берсе, кайсы киши канчасында келип, канча каражат төгүп кеткенин көрсөтүп бермек дешүүдө.

Чогулгандар айласы кетип, аргасы түгөнгөндө ушундай кадамга барууга аргасыз болушканын бир ооздон айтышууда.

"Бизди эч ким укпай жатат. Бизде адилеттүүлүк деген барбы, өкмөт барбы, биздин таламыбызды талашабы? Ак эмгегибиз менен тапкан акчабыздан ажырап калдык", — дейт митингге чыккандар.

"Альянс Курулуш" компаниясы Бишкектин бир катар аймагына онго жакын имараттын курулушун баштаган.

Нааразычылык билдиргендер "Альянс курулуш" компаниясы менен "Белор" аттуу фирма өз ара акча бөлүшө албай, орто жолдо карапайым калк жапа чегип жатканын белгилешти.

Строительство жилых домов в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Түштүк магистралдагы паркта жүргөн курулуш мыйзамдуубу? Бийликтин жообу
Белгилей кетсек, "Альянс Курулуш Плюс" курулуш компаниясынын башчысы, Казакстандын жараны Максим Альянов 2018-жылы 14-августта Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал алдамчылык боюнча айыпталууда.

Бишкек ШИИБдин буга чейин билдиргени боюнча Максим Альянов буга чейин да КР Кылмыш-жаза кодексинин "Өзүм билемдик" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Альянс Курулуш Плюс" компаниясынын учредителдери — Максим Альянов менен Владимир Альянов. Ишкана Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин, 44/1 дареги боюнча катталган. 2018-жылдын май айында кайтадан каттоодон өткөн. Максим Альянов "Альянс Добро" кайрымдуулук фондусунун президенти да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0