Шахматта күч сынашкан Айтматов менен Токомбаев. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошкон Чыңгыз Айтматов менен Аалы Токомбаевдин сүрөтү 1970-жылдардын соңунда Фрунзе шаарында тартылган.

Анда кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү Аалы Токомбаевдин үйүндө чогулган. Меймандардын арасында оюн көрүп отурган көз айнекчен — физика-математика илимдеринин доктору Мурзакбек Иманалиев, анын жанындагы — Фрунзе шаарындагы медициналык институттун ректору, академик Санжарбек Данияров. Ал эми ары жакта турган — Токомбаевдин баласы Улан.

Ошол учурду фотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Мен Аалы Токомбаевдин уулу Улан менен жакын мамиледе болчумун. Бир күнү аныкына барып калсам, үйүндө толтура мейман бар экен. Коноктор кезектешип шахмат ойноп отурушуптур. Мага өзгөчө Токомбаев менен Айтматовдун ойногону кызык болуп, аларды таймашып жаткан жеринен тартып алгам", — деди Федоров.

Ал жылдары эки жазуучу тең эл арасында бир топ кадыр-баркка ээ болуп, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарды алганга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0