Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив

Кеп казына. Тилинде мөөрү, таңдайында сөөлү бар Садыр акенин нускасы

1172
(жаңыланган 09:45 01.02.2019)
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Садыр аке Жолболду уулу болжол менен 1821-жылы төрөлүп 1905-жылы дүйнөдөн кайткан. Ачык булактарга таянсак, ал саяк уруусунан болгон. Бала чагы Ысык-Көлдүн Кичи-Ак-Суу, Чоң Ак-Суу деген жерлеринде өткөн. Сөөгү Ысык-Көлдүн Кожояр айылына коюлган. Азыр анын урпактары Көлдө турушат.

Садыр аке Жолболду уулу 1870-жылы өткөн Россия-кытай чек ара сүйлөшүүлөрүнө катышкан. Аны менен жалгыз эле саяк эмес сарбагыш, солто, албан уруулары да эсептешип, Шабдан, Байтик, Чыныбай, Балбай сыяктуу баатырлар, эл башчылар анын акылына таянып иш кылган.

Эл ичинде "Садырдын тилинде мөөрү бар, таңдайында сөөлү бар, оң жагында бөгүп жаткан бөрү бар" деген сөз айтылып келет.

Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов Садыр аке жөнүндө: "Ашкере калыстыгы менен казак, кыргыздын кан казысы болду. Адам бүткөндөн мындай адамды көргөн эмесмин. Сүйлөгөндө эки колтугунан эки жолборс чыгып тургансып, укканды сестентип желпинип сүйлөчү эле", — деп айткан.

Садыр акенин нускалуу кептери:

"Дүйнөдө жети жетим бар: тыңшалбаган сөз, чөп чыкпаган жер, багылбаган мал, кемпири жок чал, бойго жетип эр албаган кыз, элинен кеткен эр, башчысы жок эл жетим дейт. Анысы кандай, башчысы өлгөн бугу бүгүн жетим болуп отурат, ошондуктан бүгүн биз татыктуу адамды хан шайлап алалы деп мында чогулуп отурабыз", — деп Балтабайды калыстап хан шайлаган окуясы айтылып келет.

–––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––

Тирүүчүлүктө бетке көө сүйкөнбөй, адамга тик карап, ак жүргөндөн артык нерсе болчубу? Бул жарык дүйнөдө үч артыкчылык бар. Биринчиси – өлгөндөн калган туяктын артыкчылыгы. Анткени артта калган туягың адамгерчиликтүү, сени жаманатты кылбай өссө, чоңоюп-чочойсо, ысымың түбөлүктүү сакталып калары эп. Экинчиси, пайдасы жок падышанын ак сарайына караганда, кедей-кембагалдын куурай, чий калаган сайма алачыгы артык. Үчүнчүсү, элдин эмгегин кансыктатып жеген кажыган жолборстон көрө көп көзүнөн түнөк таппаган көр чычкан артык.

––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––

Садыр аке 44 жашка чыкканда, тагыраагы, 1865-жылы күз айларында бугу менен сарбагыш уруусунун чоң жыйыны өтүп, ал жыйынга Садыр аке атайын эле кечигип келет экен (бул санжыраларда айтылып жүргөн маалымат).

Ошол жыйында Садыр акенин кечигип келгенин, ашыкча сөөлөт күткөнүн, чогулушта Шабдан баатырдын оң капталында олтурганын жактырбаган Шабдандын көпкөн жигити Баяке итиреңдеп, Садыр акени сөөмөйү менен сайып көрсөтүп:

"Мырзам, тиги мурду жырык кара уйдай болуп шаңырайып олтурган ким деги?" — деп калат (санжыраларда, адабияттарда Садыр акенин өңү серт адам болгон деп сүрөттөшөт). Садыр аке ага төмөндөгүдөй жооп берет:

"Атам Жолболду, өзүм Садырмын.
Атасы жок эли менен жат болгон,
Ага-ини менен кас болгон,
Арам ишке маш болгон,
Бычтырып салып ат болгон,
Ат төбөл карыш тебетей кийген,
Баяке деген сен болуп жүрбө!
Билсең саякмын, билбесең башыңа тийген таякмын",
 — деп элдин алдында Баякенин абийирин айрандай төгөт.

Ошол жыйында Садыр аке сөз алып: "Жаратылышынан аялбаакы Кудаярдын баласы Рахматулланы той-тамаша куруп жеринен Байтик баатырдын кырып салганы ырас. Аны мен бери эле болгондо Кудаярдын найза бойлогус кылык-жоруктарына карата өч алуу катары баалаймын. Болбосо, Байтиктин бир тууган инисин "ордо жигити кылам" деп жылуу ордунан козгоп алып кетип, уялбай-этпей туруп ажатканасын тазалаттырып койгону бери эле болгондо Кудай кечирим бергис кылмыш. Ошондуктан бул маселеге кун төлөө талабын орунсуз иш деп баалаймын. Ал эми Байтиктин Каракол оезунан миң жылкы доолаган арызы дагы суу кечпейт. Бул барып келип эле карапайым элдин жонуна түшкөн мүшкүл, кайыштай тартылган кыл аркан…" деп коюлуп жаткан бир нече маселелерди бир сөз, төп калыс, бетке айтылган таамай сөздөр менен чечип, көпчүлүктүн көңүлүнө орной алган экен.

Маалыматтар ачык булактардан алынды

1172
Белгилер:
кеп, Садыр аке Жолболду уулу, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Кеп казына. Оорунун сырын билген табып, даанышман Мойт акенин накыл сөзү
Кеп казына. Жүрөгүндө ыйман, акылында билими бар Молдо Кылыч
Москванын кызыл аянтындагы полиция кызматкери. Архив

Москвада COVID күч алып бир апталык локдаун жарыяланды

11
(жаңыланган 11:55 13.06.2021)
Россиянын борбор калаасында коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан тогуз күн бою ишке чыкпоо боюнча жарлык чыкты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Москва шаарында коронавирустун жаңы штаммы тарап жаткандыктан кайрадан чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собяниндин жарлыгында айтылды.

Документке ылайык, Москвада 15-19-июнь күндөрү эс алуу жарыяланды. Анын алдындагы дем алыштарды эске алганда Москва шаарында 9 күн бою (12-20-июнь) иштешпейт. Ошондой эле шаар бийлиги ишканаларда кызматкерлердин 30 пайызын аралыктан иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.

"Вирустун жаңы штаммдары табылууда. Шаарда эпидемиологиялык абал курчуп, мурда белгиленген жогорку чекке жетип бара жатат. Акыркы сутка ичинде эле өлкөдө 13 510 адамдан вирус аныкталды. Анын 6 миңден ашыгы Моксва шаарында жашагандар", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле зоопарк, түнкү клуб, караоке, балдар аянтчалары, тамактануу жайларында иштөө убактысы боюнча чектөөлөр киргизилди.

11
Белгилер:
абал, локдаун, коронавирус, Москва, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дан улам Ош шаарында 1-июлга чейин бардык иш-чаралар токтотулду
Кит. Архив

Кит жутуп алып кайра чыгарып салган балыкчынын азыркы кебетеси. Сүрөт