Абак кызматкери. Архив

Кылмышкер кайда жаза өтөрүн эми сот чечпейт. Жаңы кодекстеги негизги 4 аспект

915
(жаңыланган 22:03 01.03.2019)
Карина Разетдинова
Жаңы мыйзамга ылайык, соттолгондордун коомго аралашуусуна жардамдаша турган институт түзүлмөкчү. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Жазык аткаруу кодексине киргизилген эң маанилүү толуктоолорду талдап чыкты.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жылдын жаңырышы менен күчүнө кирген кодекстер тууралуу кептер тыйыла элек. Январдан тарта жаза өтөө эрежелери да өзгөрдү. Кыргызстандагы кылмыш жасаган адамдарды эмне күтөрү туурасында агенттик даярдаган макаладан окусаңыз болот.

Соттолгон киши жазасын кайда өтөй турганын эми сот чечпейт

Эркинен ажыратылган киши түзөтүү мекемелеринде кандай жаза өтөй турганын мындан ары сот эмес, жаза-аткаруу тутумундагы мамлекеттик органдын атайын комиссиясы чечет. Ошол эле комиссия жаза өтөө жайын да аныктары Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинде жазылган.

Эмнеге соттордон бул ыйгарым укук алып салынганын БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын пенитенциардык маселелеринде эксперт, Жаза аткаруу кодекси жана "Пробациялар жөнүндөгү" мыйзамды иштеп чыгуу тобунун мүчөсү Батыр Сапарбаев мындайча түшүндүрдү:

"Жаңы Жазык кодексинде "рецидив" (кайталанган кылмыш) деген түшүнүк жок, ошондуктан сот адамдын ишин ак барактан карайт. Ошентсе да эл аралык укук ченемдерине жараша эч кандай терс таасирге жол бербөө үчүн мурда соттолгондор биринчи ирет абакка түшкөндөрдөн оолак кармалат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы комиссия соттон айырмаланып, абакка түшкөн адамдын мурда соттолгон же соттолбогонун эске алуу менен ага ылайык түзөтүү мекемесин аныктайт", — деди ал.

Юристтер мындай өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгын иш жүзүндө гана белгилүү болорун айтышты. Бирок айрым адистер бул ойду кубатташат. Маселен, жактоочу Икрамидин Айткуловдун пикиринде, ыйгарым укуктардын мындай бөлүштүрүлүшү зыян алып келбейт.

"Бул маселени сот чечеби же комиссиябы, принципиалдуу айырмасы жок. Башкысы — баары негиздүү чечилсе болду. Мындай ниет негизи туура: жаза аткаруу тутумунда эмгектенген адамдар сотторго караганда бул жаатында көп нерсени көрөт, көптү билет", — деди адвокат.

Жактоочу бул толуктоолор ансыз да милдети көп сот органдарынын жүгүн жеңилдетерин кошумчалады.

Кылмышкерди жатак абагына киргизүү жазасы кантип аныкталат?

Соттолгон кишиге кайда жаза өтөй тургандыгы дайым маанилүү. Көпчүлүгү шарттуу мөөнөт болбосо да, жок дегенде жатак абагы болсо деп үмүттөнөт. Ал жакта шарт алда канча жеңил: айыпкер мыйзамдык негизде үй-бүлөсү менен эле жашап, иштей алат.

Кокустук менен жасалган, жаза мөөнөтү жети жылдан ашпаган кылмыштарга мурда жатак абагы дароо сот залында эле аныкталчу. Ал жакка соттолгондордун өз мөөнөтүнүн бир бөлүгүн өтөп, жакшы жүрүм-турумун көрсөткөндөрүн жөнөтө алышчу.

Батыр Сапарбаев жаңы Жаза аткаруу кодексинде жатак абагында кармала турган адамдардын саны кыскарганын билдирди.

"Соңку жылдары бул жайга коом тарабынан көп дооматтар коюлуп келген, иш жүзүндө адамдар эркиндикте эле жүрө алышат, себеби соттолгондорду кармоого шарт жок. Мындан ары жатак абагына түзөтүү колонияларында өзүн үлгүлүү алып жүрүп, ошону менен бирге эле белгилүү бир мөөнөттү өтөгөндөн кийин гана жиберилет", — деп белгиледи ал.

Эксперт чечмелегендей, жаза аткаруу тутумундагы "кыймыл", маселен, соттолгон кишини түзөтүү колониясынан абакка же тескерисинче, абактан колонияга которуу боюнча бардык чечимдерди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабыл алмакчы.

Ошондой болсо да жатак колониясына баары эле которула албайт, маселен, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, жашы жете электерге карата оор кылмыш жасагандар же абактан качуу аракетинен улам мурда соттолгондор бул тизмеде камтылбайт.

Жаңы мыйзамда шарттуу жаза жок. Ордуна эмне кирди?

Жаңы Жаза кодексинен "шарттуу жаза" түшүнүгүн таба албайсыздар. Бирок "пробациялык көзөмөл" түшүнүгү пайда болду. Бул эмне болгон институт? Сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны белгилөөдө соттолуучунун түзөлүшү үчүн сөзсүз мөөнөт өтөөнүн зарылдыгы жок деген бүтүмгө келиши ыктымал. Мындай учурда күнөөлүүнүн ким экенин, кылмыштын оордугун же иштин жагдайларын эске алып, жазадан бошотушат.

Бирок соттолгон киши бир катар талаптарды аткарууга тийиш. Маселен, анын кайсы бир жерлерге барышына же айрым адамдар менен сүйлөшүүсүнө тыюу салынат.

Сот ошондой эле соттолгон адамдын үйүнө анык бир убакытта кайтууга, ишке орношууга же маселен, ичкиликтен арылуу боюнча дарыланууга милдеттендириши мүмкүн. Ага уруксатсыз чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынат.

Баса белгилей кетчү нерсе, мындай чара оор же өтө оор кылмыш жасагандарга, чет элдиктерге, жарандыгы жокторго жана жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарга карата колдонулбайт.

Дагы бир учурду атай кетели: пробациялык көзөмөл бир жылдан үч жылга чейин белгиленет. Андан соң соттолгон киши жазасын өтөдү деп саналат.

Андан ары алар менен пробация органдары алектенет. Аларга да коомдон оолак кармоого байланышпаган жаза аткаруу, маселен, коомдук же түзөтүү иштери жүктөлгөн. Ошол эле органдар шарттуу мөөнөтүнөн эрте бошотулгандарды көзөмөлдөйт жана соттолгондордун коомго аралашуусуна көмөктөшөт.

Батыр Сапарбаев ушул кызмат айыпкердин коомдон оолактатылбай жаза тартышына татыктуу же татыксыз экенин чечүүдө сотко жардам берерин белгилейт.

"Чечим кабыл алардын алдында сот пробация органдарынан айыпталуучу туурасында социалдык иликтөө даярдоону өтүнөт. Алар анын жашоо шартын, коңшуларынын, иштешкен жамаатынын пикири, адаттарын изилдеп чыгышат. Сот ал маалыматтардын бүт жыйындысын эске алат", — деп түшүндүрдү ал.

Ушуга окшогон кызмат мурда да болгон, бирок ал каттоо жана көзөмөл менен гана алектенген. Ошол себептен иши анчалык үзүрлүү болбогонун белгилейт эксперт.

"Тажрыйба көрсөткөндөй, абактан оголе көп адамдар өтөт. Алардын басымдуу бөлүгү кайра кылмышка барат. Соттолгондорду туура жолго салууга жардамы тие турган институт зарыл болчу бизге, андыктан, пробация органдарында психолог, социалдык кызматкерлер иштей баштайт", — деди Сапарбаев.

Ал ушул тапта аталган кызмат Жаза аткаруу кызматынын алдында иштей турганын, бирок 2020-жылдан тарта Юстиция министрлигинин карамагына өтөрүн кошумчалады.

Соттолгондордун укугун кеңейтүү

Юрист Батыр Сапарбаев жаңы Жаза аткаруу кодекси ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун кеңейтерин айтып берди.

"Эми соттолгон майыптарга жазышуу, түшүнүшүү, дооматтар менен кайрылуу үчүн Брайль алиппесин, жаңсоо тилин билген адистердин кызматынан пайдаланууга шарт түзүлөт", — деди эксперт.

Жашы жете элек жана чет элдик жарандыгы бар аял кишилерге карата да укуктардын тизмеси кеңейтилгенин кошумчалады.

Канткен күндө да депутаттар жаңы кодекстер жаатында элге уят болушканын моюнга алышты. Эгер парламент жыйынынан тасманы али көрө элек болсоңуз, бул шилтеме аркылуу көз салыңыз.

915
Белгилер:
тартип, кылмышкер, жаза, кодекс
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш уят болдук! Депутаттар жаңы кодекстер тууралуу. Видео