Камера видеофиксаций нарушений ПДД на одной из улиц Бишкека. Архивное фото

"Коопсуз шаарга" даярдык. Мэрия Бишкектин 38 жерин ылайыктап жатат

202
(жаңыланган 14:10 31.01.2019)
Долбоорду ишке ашыруу төрт этапка бөлүнгөн. Экинчи учурга пландалган иштерди мартта баштоо пландалууда.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына киришүүгө камынып, көчөлөрдүн 38 кесилишин даярдап жатат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Шаардык ар кыл кызматтар бактардын жол чырак менен белгилерин тосуп калган жерлерин кыйып, жол чийин түшүрүп, светофор жана прожекторлорду орнотууда. Жогоруда саналып өткөн иштер 8-февралда аякташы керек.

  • Мэрия Бишкека обустраивает к первому этапу проекта Безопасный город 38 перекрестков
    Бишкек мэриясы "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына киришүүгө камынып, көчөлөрдүн 38 кесилишин даярдап жатат.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Знак фото-видео контроль на одном из дорог Бишкека
    Шаардык ар кыл кызматтар бактардын жол чырак менен белгилерин тосуп калган жерлерин кыйып, жол чийин түшүрүп, светофор жана прожекторлорду орнотууда.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Жогоруда саналып өткөн иштер 8-февралда аякташы керек.
    Жогоруда саналып өткөн иштер 8-февралда аякташы керек.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек мэриясы "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына киришүүгө камынып, көчөлөрдүн 38 кесилишин даярдап жатат.

Көчөнүн 38 кесилишине фото жана видеокамералар коюлуп, "Көзөмөл" деген жол белгиси илинет. Жол кыймылын камералар күнү-түнү жазып турары айтылды.

Буга чейин Манас проспектисинде жана Жусуп Абдрахманов атындагы көчөдө жогорудагыдай жабдуулар орнотулган.

Долбоорду ишке ашыруу төрт этапка бөлүнгөн. Экинчи учурга пландалган иштерди мартта баштоо пландалууда. Көптөгөн талаш-тартыш, бир канча соттук териштирүүлөрдөн кийин бул жооптуу ишти россиялык "Концерн радиостроения "Вега" акционердик коому ишке ашырмай болгон.

202
Белгилер:
светофор, Россиялык "Вега" компаниясы, Коопсуз шаар, Бишкек
Тема боюнча
Момбеков "Коопсуз шаар" боюнча: тендер деген "теңин бер" деген эле сөз
Калаадагы унааларды эми нейротармак көзөмөлдөйт. "Коопсуз шаар" тууралуу