Усубалиевдин 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленеби? Өкмөттүн жообу

© пресс-служба ЖК Юбилей государственного деятеля Кыргызстана Турдакуна Усубалиевича Усубалиева.
Юбилей государственного деятеля Кыргызстана Турдакуна Усубалиевича Усубалиева. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул маселе өкмөттүн аппаратында макулдашуудан өтүп жатат.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрүү долбоору өкмөттүн аппаратында макулдашуудан өтүп жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков быйыл Усубалиевдин 100 жылдыгы экенин жана ага өкмөт көңүл бурушу зарылдыгын белгилеген болчу. Андан сырткары, Бишкек шаарындагы Киев жана Нарын шаарындагы Ленин көчөлөрүнө анын атын берүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0