Президентти ызаланткан 41 "алтын" лицензиянын ээси аныкталды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын кен. Архив
Алтын кен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөдө аталган лицензиялардын чыныгы ээси британиялык Виргин аралындагы оффшордук зонада катталган компания экендиги аныкталган.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кенге 41 "алтын" лицензия алган жаран ири көлөмдөгү акчага сегиз лицензияны чет элдик компанияларга күрөөгө коюп салган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Презентация гелиоколлекторов  на территории КП Бишкектеплоэнерго в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
УКМК: лицензиянын көбү Зилалиевдин тушунда бөлүштүрүлүп кеткен
Аталган мекеменин иликтөөсүнө ылайык, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети көп жыл бою милицияда, кийин жеке күзөт ишканасында иштеген Э.Жумаев аттуу жаранга 400 миң гектар жерди ээлеген 41 "алтын" лицензияны берип койгон.

Кийин лицензияга ээлик кылган тарап анын сегизин 630 миң АКШ долларга сегиз компанияга күрөөгө койгон.

Тергөөдө аталган лицензиялардын чыныгы ээси британиялык Виргин аралындагы оффшордук зонада катталган компания экендиги (J.G.C.) аныкталган.

Андан сырткары, ошол сегиз компания Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы мүчөсү А.Карасартов тарабынан уюштурулуп, компаниялардын эсебинде жетиштүү финансылык каражаттары жок экени белгилүү болгон.

Эске сала кетсек, 30-январда Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир эле адам 41 "алтын" лицензия алганын билдирип, ызаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0