Жогорку Кеңеш жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгаруу тартибин талкуулады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов
Жогорку Кеңештин Кыргызстан фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар "Тышкы миграция жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карашты.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов парламенттин жалпы жыйынында жарандыгы жок кишилерди депортациялоо жолу кандай экенин ИИМ, УКМК жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнөн сурады.

Бүгүн депутаттар "Тышкы миграция жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карашты. Ал экинчи окууга киргизилет.

Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов жарандыгы жок адамдар сот жоопкерчилигине тартылбай турганын белгиледи.

"Жарандыгы жок адам сот жоопкерчилигине тартылбайт. Бүгүн сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда жарандыгы аныкталган, соттун чечими чыккан кишилерди өлкө аймагынан чыгаруу боюнча сөз болуп жатат", — деди Шерипов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков болсо, бул маселе алардын ыйгарым укуктарына кирбей турганын, ошентсе да маалымат иретинде деп өз пикирин билдирди.

"Тышкы миграция боюнча мыйзамга ылайык, жарандыгы жок киши кайсы мамлекеттен келсе, ошол мамлекетке чыгарылат. Болбосо анын жарандыгы жок экенин аныктаган мамлекетке депортацияланат", — деди Кожобеков.

Ал ошондой эле документи жок киши чек арадан өтө албай турганын айтып, мындай учурда чек арадан өтүүнүн бир гана жолу бар экенин, ал мыйзам бузуп өтүү экенин билдирди. Эгер жарандыгы жок кишинин чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү аныкталса, ал дал ушул иши үчүн жоопко тартыларын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун кол коюусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Түркиядагы кыргыздардын пенсиясы боюнча келишимди ратификациялады
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жарандыгы аныкталбаган киши чындап эле депортация кылынбай турганын, "бирок мамлекеттин атайын кызматтары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эртеби-кечпи, анын кайсы мамлекеттен келгенин жана максаты эмне экенин аныктоого күчү жетет" деп депутатты ишендирди.

Эл өкүлү ошондой эле "Чет элдик жаранды депортациялоо үчүн бюджеттен каралган 2 миллион 600 миң сом жетеби?" деп кызыкты.

Өз кезегинде финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков бул каражат акыркы алты жылдагы статистиканы эске алуу менен ИИМ жана ЖАМКтын өкүлдөрү менен чогуу каралып, так эсептелгенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0