WhatsApp эртеңден тарта кээ бир смартфондордо иштебейт

© REUTERS / Thomas White / File PhotoWhatsApp тиркемеси. Архив
WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөрүүлөр операциялык системасы эскирип калган аппараттарда болот.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Эртең, 1-февралда WhatsApp мессенджери айрым смартфондордо иштебей калат.

Мессенджердин сайтындагы маалыматка караганда, өзгөрүүлөр Android 2.3.7, iOS 7 жана андан жогорку операциялык системаларда болот.

Ал эми операциялык системасы Nokia S40 аппараттарында тиркеме өткөн жылдын 31-декабрынан бери иштебей калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0