Токмоктогу атышуу: эки шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалды. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Алгач эки шектүү тең чек арадагы окуяга тиешелери жоктугун билдиришкен. Бирок кийинчерээк так ошол Токмоктогу атышуудан ок жеп, жаракат алышканы маалым болгон.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинде аткезчилер ортосунда болгон атышууга катыштыгы бар делген Дастан Бейшенкулов менен Асхат Усеновдун баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, бүгүн, 31-январда, Чүй облустук соту Дастан Бейшенкуловду №1 СИЗОго эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бейшенкулов Кылмыш-жаза кодексинин 203 ("Алдын ала топ адамдар менен сүйлөшүп алып ден соолукка жана өмүргө коркунуч алып келбегендей күч колдонуп опузалоо") жана 39-130-беренелери ("Бейбаштык, адам өлтүрүүгө аракет жасоо") боюнча айыпталууда.

Депутат ЖК Урмат Самаев - Sputnik Кыргызстан
"Чемпион" деген ким өзү? Чек арадагы атышууда аты аталган депутат тууралуу
Ал эми Аламүдүн райондук соту дагы Асхат Усеновду №1 СИЗОго эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Усенов Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Топ адамдар менен сүйлөшүп алып ден соолукка залал келтирүү үчүн курал колдонуу") боюнча айыпталып жатат.

Эске салсак, 26-январдын түнүндө "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинде аткезчилер ортосунда атышуу болгону айтылган. Ал ортодо интернетте дал ошол атышуудан башына, бутуна жана далысына ок жеди делген кишинин видеосу тараган. Өз кезегинде милиция ал жаран башка күбөлөр менен чогуу суракка алынганын билдирген.

"Иликтөө учурунда күбө катары бир нече адам суракка алынган. Аларга жалган маалымат беришсе жоопко тартылышары эскертилген. Бирок күбө катары суралган Дастан Бейшенкулов менен Асхат Усенов чек арадагы окуяга эч кандай тиешелери жоктугун билдиришкен. Усенов соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн дагы баш тарткан. Муну менен алар тергөөгө бут тосууга аракет кылышкан", — деп Чүй милициясы тараткан маалыматта айтылат.

Мындан сырткары, алар көтөрүп жүргөн куралдардын уруксат кагазы бар-жогу дагы текшерилген. Натыйжада бир гана Асхат Усеновдун газ-травматикалык тапанчасы каттоого алынганы белгилүү болгон. Курал экспертизага жөнөтүлдү.

Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы атышуу: дагы бир жаран ооруканага түштү
"29-январда Чүй облустук ооруканасына ок жеген киши түшкөнү тууралуу маалымат келди. Текшерүү учурунда ал Дастан Бейшенкулов экени аныкталды. Ал мунусунда милицияга арыз жазып, 25-январга караган түнү үч адам ага ок чыгарганын билдирди. Алган жаракатынын канчалык оор экенин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — дешти милициядан.

29-январда Асхат Усенов кайрадан суракка алынганда, ал 25-январга караган түнү чек арадагы окуяга катыштыгы бар экенин моюндаган. Ал өз көрсөтмөсүндө Бейшенкуловдун колунда курал болгондуктан коргонуу максатында травматикалык тапанчасын алып чыкканын билдирген. Усенов чек арадан ок жеп жаракат алгандыгына байланыштуу камакка алына элек. Аны ооруканада куралчан конвойлор кайтарууда.

Учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары уланып жатат.

Баса, Дастан Бейшенкулов буга чейин Sputnik агенттигине окуя кандайча болгону боюнча өз версиясын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0