Министрлик айдоочулардын эски лицензияларынын мөөнөтүн узартты

© Sputnik / Эмиль СадыровЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын январына карата алынган маалымат боюнча ташуу менен алектенген 1332 лицензиянын мөөнөтү аяктаган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги лицензия берүүдөгү мамлекеттик алымдарды көлөмүн аныкталганга чейин эски лицензиялардын мөөнөтүн эки айга узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай чечим жүргүнчүлөрдү ташуу жана жүктөрдү эл аралык багыт боюнча ташууда иштин токтоп калуусуна жол бербөө жана айдоочулар менен жарандар арасындагы нааразычылыктын алдын алуу максатында кабыл алынган.

"Лицензия мөөнөтүн узартуу боюнча тийиштүү тапшырма Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көлөмдү көзөмөлдөөчү агенттикке тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Спецрейд по проверке сопроводительных документов грузов, поступающих из Казахстана - Sputnik Кыргызстан
ЖК ойлонуп, өкмөт толгонгуча айдоочулар ишсиз калды. Лицензия качан берилет?
Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 1-январынан тарта Транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көлөмдү көзөмөлдөөчү агенттиги эл аралык каттам менен жүргүнчү жана жүктү ташуу боюнча лицензия берүүнү токтоткон. Мындай аракет мамлекеттик төлөмдөрдүн коюмунун көлөмүн аныктаган тийиштүү чечим жок болгондуктан жасалган. Ал эми сумманы өкмөт аныкташы керек болгон.

Министрлик жүргүнчү жана жүктү ташуу боюнча иш алып барган автоунаалардын көбүнүн лицензиясынын мөөнөтү аяктай электигин билдирди. 2018-жылы жалпысынан өлкө боюнча 19 миң 348 лицензия берилген. 2019-жылдын январына карата алынган маалымат боюнча ташуу менен алектенген 1332 лицензиянын мөөнөтү аяктаган.

"Салык төлөмдөрү жөнүндө" кодекс ишке киргенден бери лицензия берүүдө бир гана автотранспорт тармагында эмес, башка тармактарда да көйгөйлөр бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0