Бир күндө 19 лицензия алган. Алтын кендерин басып жаткан Жумаевдин таржымакалы

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын куймасы. Архив
Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир эле адам 41 "алтын" лицензия алганын билдирип, ага таң калганын айткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө башчысы сөз кылган лицензиялардын ээси Эрик Жумаев кандай компанияларды жетектеп, ал ишканалар кайсы лицензияларга ээлик кыла тургандыгын тактап көрдү.

Жумаев Эрик Исакунович 1968-жылы 11-августта төрөлүп, Бишкек шаарынын Ленин районунда катталган. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, ал буга чейин ички иштер органында эмгектенген. Учурда өлкө аймагында катталган бир нече компаниянын жетекчиси болуп эсептелет.

"Сарыджаз Ресурс"

Кен казуу тармагында эмгектенген Эрик Жумаев "Сарыджаз Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана негиздөөчүсү. Ал ишкана Баткен жана Жалал-Абад облусунда алтын издөө үчүн эки лицензия алган. Кендердин жалпы аянты 12 миң 841 гектарды түзөт.

"Ортотокой Ресурс"

Презентация гелиоколлекторов  на территории КП Бишкектеплоэнерго в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
УКМК: лицензиянын көбү Зилалиевдин тушунда бөлүштүрүлүп кеткен
Жумаев өзү негиздеген кен казуучу "Ортотокой Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коомунун да жетекчиси. Ал ишканага Кара-Кулжа районунда алтын, жез, сымап, сурьма, Ак-Суу районунда алтын, күмүш, цинк, коргошун, жез издөөгө бирден лицензия берилген. Анын биринин жалпы аянты 23 миң 504 гектар болсо, экинчисиники 10 миң 117 гектар.

"Ала-Тоо Алтын Кени"

Аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун ишмердүүлүгүн дагы Эрик Жумаев көзмөлдөйт. Өзү ачкан "Ала-Тоо Алтын Кени" Баткен районунун аймагына эки, Ноокат районуна бир лицензия алган. Алардын бардыгы тең алтын, күмүш, жез издөөгө берилип, 23 миң 163 гектарды ээлеп жатат.

"ТЯНЬ ШАНЬ ГОЛД"

© скриншот с сайта ГКПЭНИнформация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики
Информация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Информация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики

Бул ЖЧК жалпы жети лицензияга ээлик кылат. Кызыгы, анын төртөө боюнча 2016-жылдын 26-декабрында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен келишимге кол коюлган. Жети уруксат кагазы тең алтын издөөгө берилген. Бул лицензияларда 47 миң 698 гектар жер көрсөтүлгөн. Баса белгилей кетчү жагдай, аталган ЖЧКны Jasper Gold Corp. (Корп. Джаспер Голд) компаниясы негиздеген.

"ЖАЙСАН ГОЛД"

© Фото / скриншот с сайта ГКПЭНИнформация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики
Информация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Информация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики

Эрик Жумаев башкарган "ЖАЙСАН ГОЛД" жоопкерчилиги чектелген коомуна Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 2016-жылдын 26-декабрында алтын издөөгө алты лицензия берген. Ошентип бул ЖЧК бир күндө Жети-Өгүз, Ак-Суу, Токтогул, Чаткал райондорунда 2020-жылдын соңуна чейин алтын издөө укугуна ээ болгон. Ал ЖЧКны да Jasper Gold Corp. (Корп. Джаспер Голд) компаниясы түптөгөн.

"Пуша групп"

Бул жоопкерчилиги чектелген коомду да Эрик Жумаев жетектейт. "Пуша групп" вольфрам, алтын, жез, күмүш, сурьма, коргошун, сымап издөө үчүн Кадамжай районунда эле 9746 гектар жерди ээлеген аянтка үч лицензиясы бар. Юстиция министрлигинин расмий сайтында бул компаниянын негиздөөчүсү катары Мадалбек уулу Элдар көрсөтүлгөн.

"Кирекс оф минералс"

© Фото / скриншот с сайта ГКПЭНИнформация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики
Информация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Информация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики

Бул ишкананын да директору Эрик Жумаев. ЖЧК жогоруда аталган компаниялардай эле бир күндө бир нече лицензия алууга жетишкен. "Кирекс оф минералс" Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад облусунун аймагында баалуу металлдарды издөө үчүн 2016-жылдын 26-декабрында беш уруксат кагазын алган. Муну дагы Jasper Gold Corp. (Корп. Джаспер Голд) компаниясы негиздеген.

"Карасай Кен"

© Фото / скриншот с сайта ГКПЭНИнформация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики
Информация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Информация с сайта Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики

Жумаев башкарган дагы бир ишкана 2016-жылдын 25-декабрында бир, 26-декабрда төрт лицензияга ээ болгон. Алар дагы Баткен, Чаткал, Кадамжай, Алай районунда вольфрам, алтын, жез, күмүш, сурьма, коргошун, сымап, уран издөөгө укук берет. "Карасай Кен" ЖЧКсынын негизделишине да Jasper Gold Corp. (Корп. Джаспер Голд) компаниясынын тиешеси бар.

"Кызылсуу Кен"

Аталган ЖЧКнын ишин дагы Эрик Жумаев тескейт. Аны Тайгашкаева Бибигуль Курманбековна аттуу жаран түптөгөн. Ишкана баалуу металлдарды казуу жана байытуу иши менен алектенип, жалпы аянты 69 миң 670 гектар жерде алтын издөө укугуна ээ болуп, төрт лицензия алган.

Күмтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: тоо-кен тармагындагы салыкты жогорулатуу керек
Жыйынтыктап айтканда, коомчулукка белгисиз Эрик Жумаев тогуз компанияны жетектеп, анын үчөөсүн өзү ачкан. Ал бир күндө эле өлкө ичинен алтын издөө үчүн 19 лицензия алганга үлгүргөн. Ал кезде Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитетин Дүйшөнбек Зилалиев жетектеп турган.

Жумаевдин компанияларына аталган мекеме тарабынан 37 лицензия берилгендиги аныкталды.

Ал эми жогорудагы ишканаларга тиешеси бар болгон Jasper Gold Corp. (Корп. Джаспер Голд) компаниясы жөнүндө ачык булактардан маалымат табуу оорго турду. Бирок буга чейин Башкы прокуратура аталган лицензиялардын чыныгы ээси британиялык Виргин аралындагы оффшордук зонада катталган компания экендиги (J.G.C.) аныкталганын билдирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги коомчулукту таң калтырган окуянын өнүгүшүн көзмөлдөп турат.

Маалыматтар Юстиция министрлиги менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0