Европалыкка турмушка чыгуунун күнгөй-тескейи. Францияда жашаган Шириндин маеги

© Фото / Ezh PhotosМенеджер сети магазинов в Тулузе (Франция) Ширин Джунусова
Менеджер сети магазинов в Тулузе (Франция) Ширин Джунусова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ширин Жунусова бир топ жылдардан бери Тулуза шаарында турат. Казак жигитке турмушка чыккан, бирок француздардын тиричилигин жакшы билет.

Ширин алыскы Францияга өз күчү менен аттанган. Бир нече ай ишке орношууга тырышканын, бирок пол жуугуч да боло албай койгонун айтып берди. Супермаркетке эң төмөнкү орундагы ишке кирип, текчеге товар тизе баштайт. Ал эми азыр ири дүкөндөр түйүнүндө менеджер!

— Сиз Кыргызстандын түштүгүндөгү чакан кыштакта төрөлүпсүз. Айыл турмушуна жакшы эле аралашып чоңойдуңузбу?

Бизнесмен и программист Акылбек Эсеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жакырчылыкты көрүп эсим ооп калды. Индияда жашап келген жигиттин баяны
— Жалал-Абад облусундагы Октябрь айылында төрөлгөнүм чын, бирок өзүмдү айылдык кыз деп атай албайм. Үй-бүлөм Ош, Жалал-Абад шаарларында жашады. Бардык каникулдарымды чоң энемдикинде өткөргөндүктөн, айылдагы жашоо эмне экенин жакшы билем.

Айылда эч ким "Силер кичинекейсиңер!" дебейт. Мал байланган короону тазалап, чөп чаап, эшек менен суу ташыдык. Бир кап күрүчтү тазалоо баланын ишиндей эле эсептелчү.

Түнкүсүн жүгөрү талааны кайтарчубуз. Жер сугаруу керек, ал эми кыштакта суу өтө тартыш. Коңшулар өз бакчасына сууну буруп кетпесин деп байкап турчубуз. Суу өтүктү кийип алып, таң атканча талааны кайтарууга туура келчү.

— 17 жашыңызда Бишкекке көчүп келипсиздер. Кинолордо адатта чоң калаага жаңы келген бийкечтин шаардык кыздардан айырмасы дароо көзгө урунары чагылдырылат эмеспи. Жашооңузда ушундайга кабылган жок белеңиз?

— Борбор калаада атагы чыккан №6 мектепте окудум. Бул билим ордосунда көпкөн балдар окуйт, класстарда бай, кедей болуп бөлүнүшөт деген өңдүү ар кыл аңыздар айтылчу. Классташ кыздарыма караганда абдан жупуну жүрсөм да эч кандай басмырлоого кабылган жокмун. Баарынын мага мамилеси түз болчу.

Ага дейре Жалал-Абадда физика-математикалык багыттагы мектепте билим алгам. Бишкекте мен үйгө жакын мектепке кирдим. Балдар француз тилин биринчи класстан тарта үйрөнгөн гуманитардык класста гана бош орун бар экен. 

© Фото / из личного архива Ширин ДжунусовойФранцияда жашаган Ширин Жунусова: айылдагы жашоо эмне экенин жакшы билем, Мал байланган короону тазалап, чөп чаап, эшек менен суу ташыдык. Бир кап күрүчтү тазалоо баланын ишиндей эле эсептелчү.
Европалыкка турмушка чыгуунун күнгөй-тескейи. Францияда жашаган Шириндин маеги - Sputnik Кыргызстан
Францияда жашаган Ширин Жунусова: айылдагы жашоо эмне экенин жакшы билем, Мал байланган короону тазалап, чөп чаап, эшек менен суу ташыдык. Бир кап күрүчтү тазалоо баланын ишиндей эле эсептелчү.

— Француз тилин кантип тез өздөштүрүп кете алдыңыз?

— Мектептеги мугалим эжеден кошумча сабак ала баштадым. Биринчи эле сабакта ал тил үйрөнүүгө жөндөмдүү экендигимди айткан эле. Париждин бир нече сүрөтүн көргөзгөндө, көздөрүм жайнай түшкөн!

Үйүмдүн дубалы бүт французча сөздөр жазылган кагазга толгон. Университеттин биринчи курсунда француз тили боюнча өткөн олимпиадада жеңишке жеттим. Күн сайын эки сааттан жаттачумун.

— Университетте окуп жүргөнүңүздө эле интернет-кызмат көрсөткөн компаниянын теңата өнөктөшү болупсуз. Жөнөкөй бир студент андай бизнести баштоого кантип бел байлады?

— Биринчи курста эле акча табуу туурасында ойлоно баштагам. Жок, муктаждыктан эмес, ата-энем оокаттуу адамдар, бирок мен баарына өзүм жетким келген. Ата-энеме официант болуп иштей турганымды айтканымда экөө тең чалкасынан кетип, “Биз сени өзүбүз эле бага алабыз. Туугандар укса эмне дейт?! Кайдагыны айтпачы", —  дешкен. Бирок көгөрүп отуруп, кафеге ишке орноштум.

Менеджер Программы финансирования устойчивой энергии в КР Нурзат Абдырасулова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга келип башка чапкандай болдум. Сейрек кесиптин ээси менен маек
Кийин досум менен акча топтоп, окуу жайыбыздын имаратына көчүрмө аппаратын коюп, бир эжени ишке алдык. Ага факультеттегилердин баары чуркашчу! Майда-чүйдө чыгымдарыбызды гана жаппастан, окуу акыбызды да төлөөгө тыйын жетчү.

Университетти аяктаганымда олуттуу бир ишке киришейин деп чечтим. Иш издегенимден майнап чыкпады, эч кимдин ишке алгысы келген жок, баарына тажрыйба талап кылынды. Мени эч жакка ишке алышпаса, анда өзүм кыймылдайын дедим.

Теледен ошол жылдары "СМС жөнөтүп, ыр жүктөп ал" деген жарнамалардын түрмөгүн көрсөтүшчү. Дал ошол ишти колго алдым. Мисалы, биз кыргыз жана орус тилдеринде жомокторду жаздырчубуз, киши кыска номерди терип, аны уга алчу.

— 10 жыл мурда атайын программа менен Францияга келип, бала багуучу болуп орношупсуз. Кыргызстан менен Францияда бала тарбиялоо айырмаланабы?

— Ооба. 2009-жылы бир француз үй-бүлөдө жашап, кичинекей үч баласын карачумун. Алардын тарбиясы бизден алда канча айырмаланат. Алар балдарды эркелетип отурбайт, чоң кишилердей көрүп сүйлөшөт.

Биздин аялдар көп учурда балдарды өз жашоосунун маңызына айландырышат, ал эми француздарда башкача, эне албетте төрөйт, бирок бардыгы тең балдар үчүн деп жашабайт. Маселен, жубайлар ымыркайды өздөрү менен кошо алып жатпайт. Жубайлардын төшөгү өздөрүнө гана таандык. Аптада бир ирет ата-эне чүрпөлөрүн бала багуучуга табыштап, ресторанга барышат.

Балдар дайым белгиленген бир убакта тамактанышат. Дегеле, бүтүндөй Франция өз маалы менен тамактанат. Маселен, ресторандар күндүзү чак түштөн экиге, кечкисин жетиден он бирге чейин гана ачык.

Биздин Бишкекте каалаган кафе же дүкөнгө каалаган убактыңда кире алат эмессиңби, ал эми Францияда жекшемби күндөрү көп жайлар жабык. Баары эс алууга тийиш деп эсептелет. Мисалы, биз жашаган шаарда күнү-түнү иштеген эки гана дарыкана бар. 

© Фото / из личного архива Ширин ДжунусовойАлгач текчеге товар тизип, тырышчаактыгынын аркасы менен менеджерликке чейин жеткен.
Европалыкка турмушка чыгуунун күнгөй-тескейи. Францияда жашаган Шириндин маеги - Sputnik Кыргызстан
Алгач текчеге товар тизип, тырышчаактыгынын аркасы менен менеджерликке чейин жеткен.

— Эмгек миграциясы Кыргызстанда эң негизги темалардан. Францияда иштегиси келген кыргызстандык ал жакка кантип барса болот?

— Негизи окуу программалары менен кеткен оңой. Мурда окуу текейден арзан эле, жылына 200 евро болчу, андан тышкары, камсыздандыруу төгүмүнө 200-600 евро керектелчү. Быйылтан тарта баа көтөрүлдү, жылына бакалавриат 2770 евро, ал эми магистрдик программалар 3770 еврону түзүп калды. Окуу жайды аяктаганда жумуш визасын алууга болот.

Экинчи жолу — ишкананын чакыруусу менен кетүү. Сизге келишимди жиберишет, элчиликке визага барасыз. Мындай ыкма кесипкөй кызматкерлерге ылайык. Францияда эң биринчи кезекте өз жарандарына кам көрөт, бөлөк өлкөлөрдөн келген билимсиз жумушчулар аларга зарыл эмес.

Исполнительный директор ОО Тосор Коому Тыныбек Жукешов - Sputnik Кыргызстан
Балдарымдан коркуп Кытайдан кайтып келдим. Айылын көтөргөн жигиттин маеги
Мисалы, пол жуугучтун орду бош. Алгач иш берүүчү префектурадан (жергиликтүү бийлик) уруксат алууга тийиш. Ал жактан: “Француздардын арасында бул ишти аткара турган киши табылбайбы?” – деп сурашат. Башкача айтканда, ишкана кызматкер издөө боюнча жарыя берүүгө тийиш, француздардан эч ким кайрылбаган күндө гана чет элдик жаранды ишке алууга акылуу. Иш берүүчү мында салык төлөөгө милдеттүү.

Албетте, туристтик виза менен кетип, мыйзамсыз калып калса да болот, бирок иш таба аларыңыз арсар. Мында пол жуугуч же кароолчу болуу үчүн да атайын курстардан өтүп, тийиштүү документтерди алуу талабы бар.

Францияга кетүүнүн эң кеңири тараган түрү — жергиликтүү тургун менен никеге туруу. Эгер жакын адамыңыз, мисалы, ата-эне же балдарыңыз ушул өлкөдө жашаса, үй-бүлөнүн биригиши деген вариант дагы бар. Таеже, ага-ини, эже-сиңди буга кирбейт.

— Ал жакта ишке орношуу үчүн француз тили зарылбы? Же англис тили жарай береби?

— Французчаны билбей туруп, бул жакка келүү кажетсиз, англис тили менен жан багып кете албайсың. 

© Фото / из личного архива Ширин ДжунусовойЖунусова: француздарда үй-бүлөлүк баалуулуктар абдан ардакталат, болгону жаштар окуусун аяктайт, бутуна турат, карьера жасашат, эки жылча сүйлөшөт, анан 30га чукулдаганда гана үй-бүлө күтүшөт.
Европалыкка турмушка чыгуунун күнгөй-тескейи. Францияда жашаган Шириндин маеги - Sputnik Кыргызстан
Жунусова: француздарда үй-бүлөлүк баалуулуктар абдан ардакталат, болгону жаштар окуусун аяктайт, бутуна турат, карьера жасашат, эки жылча сүйлөшөт, анан 30га чукулдаганда гана үй-бүлө күтүшөт.

— Ушул тапта француз супермаркеттер түйүнүндө жетекчилик кызматты ээлейт экенсиз. Буга кантип жеттиңиз?

— Аябай татаал болду. Франциянын ири калааларынын бири Тулузада турам. Мында Airbus деп аталган ири аба курулуш заводу бар, ар бир үчүнчү жашоочу түз же кыйыр түрдө ал жерде иштейт. Мында көбүнесе техникалык адистиги бар кишилерге талап бар, ал эми менин кесибим гуманитардык жаатта.

Бир нече ай иш издедим, эч жакка орношо албай койдум. Баарына кайыл элем, ал тургай, пол жуугуч болуп иштөөгө да аракеттендим, болбоду. Акыры мени дүкөнгө эң төмөнкү орунга — текчеге товар тизгич кылып алышты. Ошондо ишке кырк киши орношкон, бир-эки жумадан кийин жалгыз мени дароо төрт деңгээлге көтөрүштү!

Лонгрид: Кыргыздын колунан чыккан өзгөчө буюмду арабдар 200 долларга сатып алат - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын колунан чыккан өзгөчө буюмду арабдар 200 миң долларга сатып алат
Азыр менеджер-башкаруучулукка чейин жеттим, директорумдун айтымында, жергиликтүү тургундарга салыштырмалуу абдан тырышчаак экенмин. Француздар жалкоороок келет имиш. Кийин көрдүм го, ошонун айынан канча кишини жумуштан айдоого аргасыз болдум!

Бизде баары акча табыш үчүн жетекчи болууга умтулушат эмеспи. Себеби жетекчилер гана жакшы акча таап, карапайым кызматкерлер көп нерсеге жете алышпайт.

Францияда жакшы жашоо үчүн сөзсүз эле жетекчи болуунун кажети жок. Бир түгөйлөрдүн үйүндө конокто болгом. Алар көк чөптүү короосу, бассейни бар, тыпырайган эки кабат үйдө жашашат. Эки балалуу.  Жолдошу көрүстөндө мүрзө казат, ал эми жубайы кадимки эле кассир. Колунда баары бар!

— Билишимче, Европада адамдар үй-бүлө курууга ашыгышпайт.

— Жок, үй-бүлөлүк баалуулуктар абдан ардакталат, болгону жаштар окуусун аяктайт, бутуна турат, карьера жасашат, эки жылча сүйлөшөт, анан 30га чукулдаганда гана үй-бүлө күтүшөт. Француз аялдары тун перзентин 28 жашында төрөйт, ал эми бизде бул кеч деп эсептелет эмеспи.

© Фото / Thiery de PradaШирин Францияда жашаганына 7 жыл болгон казак жигитке турмушка чыккан.
Европалыкка турмушка чыгуунун күнгөй-тескейи. Францияда жашаган Шириндин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ширин Францияда жашаганына 7 жыл болгон казак жигитке турмушка чыккан.

— Француз стили боюнча эмне айтар элеңиз?

— Чет өлкөлүктөр көп келет, туристтик жерлерди кыдырышат, анан "кана силердин атактуу париж стилиңер?" деп нааразы боло башташат. Чындыгында андай адемилик бар, бирок өзүн андай алып жүргөн француз айымдарын Париждин айрым гана кварталдарынан кезиктирүүгө болот.

Негизинен улуу муундагы айымдар өтө жарашыктуу кийинишет. Алардын кудайга шүгүр акчасы бар, модалуу кийинип, сулуулук салондоруна бара алышат. Айтмакчы, бул жакта салонго баргандар сейрек, себеби — биринчиден, кымбат, экинчиден, тейлөө сапаты начар.

Бишкекте бийик така, көйнөк менен көп жүрөр элем, бул жакка келгени ыңгайлуу кийинүүгө аракет кыласың. Францияда кооз кийимдер кечелерге, салтанаттарга гана кийилет. Кыздар көбүнесе жалпак бут кийимчен жүрөт,  анткени шаардагы брусчаткаларда шиш така кийип жүрө албайсың. 

— Францияда сиз өзүңүздүкүндөй чөйрөдө өскөн казак жигитке турмушка чыгыпсыз, биздин салт-санаа, жүрүм-турумубуз окшош эмеспи. Кыргызстандык кыздын француз менен мамиле куруп кетиши жеңилби?

Мен ишкермин деп аталган ишкерлер клубунун негиздөөчүсү Асел Алымбаева - Sputnik Кыргызстан
Окуучу кезимде акчаны белиме байлап, шаардан товар ташычумун. Ишкер аял менен маек
— Ооба, жолдошум менен ушул жактан тааныштык. Биз табышкан убакта анын Францияда жашаганына жети жыл болгон экен. Орток менталитетибиз же динибизден улам тандаган эмесмин. Аны өзүнчө бир инсан деп тандагам. Француздар боюнча өзүмө эч кандай тыюу койгон эмесмин.

Бирок Франциянын тургундарынын үй-бүлөлүк турмушка карата өз түшүнүгү бар, анын айтылбаган тарабына даяр болуу абзел. Көп үй-бүлөлөрдүн бюджети ар бөлөк. Мисалы, үйдүн ижарасы 800 евро турат дейли, анда жубайлар 400 евродон чыгарып, орток эсепке коюшат. Аял дагы иштейт, ал эми үй түйшүгү жубайлардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.

Аял декретке чыкса, кандай болот деп сурашар. Биринчиден, бул жакта декреттик төлөмдөр абдан чоң, мамлекет ар бир балага 1000 евродон бөлөт. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Европада төрөт — көйгөйлүү маселе.

Бирок башка жолдору да бар. Маселен, мен бала багуучу болуп иштеген үй-бүлөдө энеси иштечү эмес. Иштегенден көрө үйдө отурганы ал үчүн пайдалуу экенин түшүндүргөн эле, себеби ошондо салык азыраак төлөнөт, анан да декреттик акчасын, үч баласына жөлөк пул алат.

© Фото / из личного архива Ширин ДжунусовойЖунусова: Бишкекте бийик така, көйнөк менен көп жүрөр элем, бул жакка келгени ыңгайлуу кийинүүгө аракет кыласың. Францияда кооз кийимдер кечелерге, салтанаттарга гана кийилет. Кыздар көбүнесе жалпак бут кийимчен жүрөт
Европалыкка турмушка чыгуунун күнгөй-тескейи. Францияда жашаган Шириндин маеги - Sputnik Кыргызстан
Жунусова: Бишкекте бийик така, көйнөк менен көп жүрөр элем, бул жакка келгени ыңгайлуу кийинүүгө аракет кыласың. Францияда кооз кийимдер кечелерге, салтанаттарга гана кийилет. Кыздар көбүнесе жалпак бут кийимчен жүрөт

— Францияда салыктардын көлөмү жогору экендигин жазгансыз. Мисалы, үйүңдө телевизор турганы үчүн эле 138 евро төлөш керек экен. Кыргызстанга караганда жашоо канчалык кымбат?

— Алда канча кымбат, сиз Бишкектеги заңгыраган эки-үч кабат үйүңүздү сатып, Тулузадан жупуну батир ала аласыз. Бирок мында мамлекет үй-бүлөлөргө абдан жардамдашат. Маселен, биз ипотекага турак жай алдык, Францияда ал абдан арзан — жылдык үстөгү 1-2 пайызды гана түзөт. Бишкекте бул көрсөткүч 13-14 пайызга чейин чыгат.

Ошондой эле мында машина, турак жай, өз саламаттыгыңды да камсыздандырууга көп чыгым сарптайсың. Бирок доктурга көрүнсөң, камсыздандыруу оорукана акысын жаап берет. Ал эми бул Францияда арзан турбайт, бир эле кеңеш алганыңа орточо 60 евро сарпталат.

Успешный визажист Айлин Дүйшенбиева - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы визажист Айлин: европалык жолдошум мага калың төлөп, колдон алып кеткен
Тилекке каршы, стандарттык камсыздандыруу тиш доктурдун кызматын жаппайт. Мында бир эле имплант койдурууга 2500 евро төлөйсүң. Көп француздар бул үчүн Чыгыш Европага атайын сапар тартышат. Жолдошума да Венгрияда имплант койдурдук. Биз Будапештке учуп бардык, мейманканада жашадык, ресторандарда тамактандык, жолдошума үч имплант коюшту, ошондо да Францияга караганда арзан түштү.

Мамлекет төрөлүүнү да камкордукка алган. Мисалы, кыргызстандыктар ЭКОго жылдап акча жыйнашат, ал эми мында аталган кызматтын төрт жолкусу бекер, ал кадимки мамлекеттик камсыздандыруудан төлөнөт. 

— Францияда чет элдиктерге кандай карашат? Кыргызстан деген өлкө бар экенинен кабары барбы?

— Чет өлкөлүктөр менен кезиккенде француздар болушунча сылык-сыпаа. Биздин мекенчилдер “КЫргЫзстан” болуп аталсын, башкача болбосун деп талап кылышат эмеспи. Бирок француздарда “Ы” тыбышы кабылданбайт, ошондуктан, алар үчүн менин улутум “киргиз”, түбүм “Киргизстандан”.

Соңку убактарда Кыргызстан тууралуу француздар көп биле башташты. Көбү тоолорду көрүп кетүүгө келишет.

— Кыргызстандан кабар алып турасызбы? Жергиликтүү кыздарды түйшөлткөн эмне деп ойлойсуз?

— Өзүн өстүрүү боюнча көп ой жүгүртө башташты. Турмушка чыгардан мурун иштеп, дүйнөнү көрүп алууга умтулушат. Ошентсе да коомдун кысымы бар, тууган-туушкандар курагыңа асылат, 25 жашка чейин күйөөгө чыгып кетиш керек имиш.

Бирок жашоо маңызын күйөө менен балдарынан тапкан аялдар да бар. Алардыкы натуура дегенден алысмын, ар кимдин өз жолу бар. Болгону, менимче, эң башкысы —  адам өзүн эч качан жоготуп албоого тийиш. 

© Фото / Thiery de PradaШирин: жолдошумду орток менталитетибиз же динибизден улам тандаган эмесмин. Аны өзүнчө бир инсан деп тандагам.
Европалыкка турмушка чыгуунун күнгөй-тескейи. Францияда жашаган Шириндин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ширин: жолдошумду орток менталитетибиз же динибизден улам тандаган эмесмин. Аны өзүнчө бир инсан деп тандагам.

— Азыр кайнене менен келиндин мамилесиндеги көйгөй курчуду. Муну чечүүнүн кандайдыр бир ыгы барбы?

— Бул көйгөй болуп келген, бар, боло да берет. Азыр болгону кыздар бул туурасында ачык жаза башташты. Менимче, бул маселени эркек киши чече алат. Ал өзү сүйгөнүн үйүнө алып келди. Үйүндө эмне болуп жатканына көз жуумп, аялдар чечишип алсын деп койбошу керек.

Бизде келин өз көйгөйлөрү менен өзү жалгыз калат, башында адилетсиздикке көз жумууга аракет кылат. Бир топ жылдан кийин чыдамы түгөнөт, баарын жолдошуна айтат. Ал эми тигил баары эле сопсонун эмес беле деп таңгалат. Ошондуктан, менин оюмча, эгер бир нерсе чыкса, баарын дароо ортого салган оң.

Бишкекте туулуп өскөн Биктисагүл Алымбаева жубайы жаңы зеландиялык Даллас Мэтисон Верн менен - Sputnik Кыргызстан
Бактысын Жаңы Зеландиядан тапкан Биктисагүл: кыргыздын көйнөгүнө таңыркагандар көп
Эркек киши аялы да көөп кетпегидей, ошол эле учурда апасы да келинди такыр эле башкарып албагыдай тартип орнотуп коюшу зарыл. Энелер да чоң киши болуп калган уулдарын кое берүүнү үйрөнүшү кажет.

Ошондой эле жаш жубайлардын кайындарынан бөлөк жашаганы дурус деп эсептейм. Мурда андай мүмкүн эмес эле, себеби турак жай шарты башка болчу. Үй-бүлөлөр чоң үйлөрдө турушчу. Ал эми азыр үч бөлмөлүү батирге ата-эне, балдар, неберелер менен кантип батышат?

Жубайлар жок дегенде бир аз убакыт өзүнчө жашаганы оң. Жаш бүлө анда ата-энеден оолактап калбайбы деп көпчүлүк менин пикириме каршы чыгар. Түпкүлүгүндө мен буга каршымын, адамдар ортосунда дайым акылга сыярлык сызык болушу шарт. Үй-бүлө —  жетилген эки инсандын биримдиги, алардын турмуштук өз тажрыйбасы болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0