Идиш талашкан аялдар дүкөндүн чаңын чыгарды. Бишкектеги арзандатуу учурунан видео

© AFP / SAKIS MITROLIDISШоппинг в "Черную пятницу" в Салониках
Шоппинг в Черную пятницу в Салониках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы супермаркеттердин биринде 2-февраль күнү өтө чоң арзандатуу болуп, ал жаалданган кардарлардын талаш-тартышы, чаң-тополоңу менен коштолду. Бул учурду видеого тартып алгандар тасманы YouTube каналына жүктөгөн.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы супермаркеттердин биринде 2-февраль күнү өтө чоң арзандатуу болуп, ал жаалданган кардарлардын талаш-тартышы, чаң-тополоңу менен коштолду. Бул учурду видеого тартып алгандар тасманы YouTube каналына жүктөгөн.

Шымалангандардын көпчүлүгү аялдар экенин байкоого болот. Алар 35тен 90 пайызга чейин арзандатылган ашкана буюмдарын алып калууга жан талашкан. Видеодон көбүнчө көмөч казанды талашып жатышканы байкалат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OMKS 📺 VIDEO (@omks_video) 2 Фев 2019 в 6:55 PST

Окуя болгон супермаркеттин администрациясы чынында эле ызы-чуу болгонун ырастап, кардарлар арзандатылган буюмдар түгөнүп калат деп коркуп биринчи барып алып калууга шашканын айтты. Ошондой эле тартышып-түртүшүү учурунда эч ким жаракат албаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0