Кыргызстанды космостон көрдүңүз беле? Канадалык астронавт сүрөт жарыялады

© NASA / David Saint-JacquesФотография Кыргызстана, сделанная с МКС
Фотография Кыргызстана, сделанная с МКС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кадрды ишемби күнү астронавт Twitter баракчасына жүктөгөн.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Канаданын космостук агенттигинин астронавты Давид Сен-Жак Эл аралык космостук станциядан тартылган Кыргызстандын сүрөтүн жарыялады.

​Аталган кадрды ишемби күнү астронавт Twitter баракчасына жүктөгөн. Кадимки эле фотоапарат менен тарткан сүрөтү NASA сайтына да жайгаштырылган. https://eol.jsc.nasa.gov/DatabaseImages/ESC/large/ISS058/ISS058-E-7761.JPG

"Кыргызстандын үстүндө бара жатканымда бул тоолорго колуңду сунуп кармап көрсө боло тургандай туюлду", — деп жазган астронавт.

Давид Сен-Жак 2018-жылдын 3-декабрында америкалык Энн Макклейн жана россиялык космонавт Олег Кононенко менен биргеликте космоско учкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от David Saint-Jacques (@astrodavids) 10 Авг 2018 в 11:51 PDT

Казакстандын Байконур космодромунан учуп чыккан "Союз МС-11" экипажынын курамындагы Сен-Жак эл аралык космостук станцияда жарым жылдан ашык убакыт болмокчу. Ал биология, жер, физика жана технология боюнча изилдөө жүргүзүп, эксперименттерди жасамакчы.

Буга чейин россиялык космонавт Ысык-Көлдү эл аралык космостук станциядан тартып алып көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0