Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков

Кыргызстанда рактын 4 түрү басымдуулук кылат. Эрнис Тилеков менен маек

1347
(жаңыланган 10:02 06.02.2019)
4-февраль - бүткүл дүйнөлүк рак ооруларына каршы күрөшүү күнү. Эл аралык ракка каршы күрөшүү биримдиги тарабынан 2005-жылдан тартып белгиленип келет. Негизги максаты — дүйнө коомчулугун бул глобалдык көйгөйгө көңүл бурдуруу жана залалдуу шишикке кабылгандардын арасындагы өлүмдүн санын кыскартуу.

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда аялдардын эмчек безинин шишиги, аялдардын жатын моюнчасынын рагы, ашказандын жана өпкөнүн онкологиялык дарттары көп кездешет. Илдет тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек курду.

— Кыргызстанда рак оорусуна чалдыккан адамдардын саны канча? Зыяндуу шишиктин кайсыл түрү бизде басымдуулук кылат?

— Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 25 миңден ашуун адам залалдуу шишик оорусу менен каттоодо турат. Негизинен Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу рак оорусу боюнча абал салыштырмалуу дурус. Эсептөөлөр боюнча 100 миң кишиге 89 адам туура келет. Бул сан Казакстанда — 270, Россияда — 350, Европада — 450 адамды түзөт.

Бизди кейиткен нерсе — илдетке чалдыккандардын 60 пайызы оорусу өтүшүп кеткен учурда кайрылат. Демек адамдардын аң-сезимин өзгөртүшүбүз керек. Элдин өз саламаттыгына кайдыгер экени өкүндүрөт. Баса белгилей кетүүчү бир жагдай бар, рак оорусу бул өкүм эмес! Алгачкы белгилеринде дарылап, айыктырса болот. Эгерде өтүшүп кеткен болсо, анда жагдай оорлошуп кетет. Ошону адам баласы жакшы түшүнсө деген ойду айтат элем.

Бизде зыяндуу шишик ооруларынын төрт түрү көп катталат. Алар — аялдардын эмчек безинин шишиги, аялдардын жатын моюнчасынын рагы, ашказандын жана өпкөнүн онкологиялык дарттары. Ушулардын катарынан эң көп өлүмгө алып келгени — ашказандын рагы. Себеби ашказан рагынын белгилери өтө пассивдүү болуп, органдын ооруга чалдыккандыгын билүү кыйынга турат. Мындан улам ашказан рагына чалдыккандардын 70 пайызы оорунун 3-4 баскычына жетип, илдет өтүшүп кеткенде гана кайрылып калып жатышат.

Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков
© Sputnik / Асель Акматалиева
Эрнис Тилеков: сергек жашоо образы аркылуу рак илдетин алдын алса болот

— Онкологиялык ооруларды алдын алуунун эффективдүү жолдору барбы? Тукум кууйбу?

— Алгачкысы — профилактика. Бул сергек жашоо. Адам өзүнөн башташы керек. Салмагын дагы көзөмөлдөп турушу кажет. Аялдар толуп кеткенде гармоналдык баланс кыйроого учурайт дагы эмчек безинин шишигине алып келүү коркунучу күч алат. Андан сырткары, этти көп жейбиз, аны азайтуу зарыл. Башка элдин дагы тамактануу маданиятынан пайдалуу нерселерди алганыбыз туура болот. Мисалы, жашылча, чөп-чарды көп жегенибиз ден соолугубуз үчүн жакшы. Тамеки чеккенди токтотуш керек. Ракка чалдыгуу кооптуулугунун 30 пайызын сергек жашоо менен эле алдын алып койсо болот.

Рак оорусу тукум кууйт. Андай фактылар дагы бар. Алар "кооптуу топко" кирет. Бирок коркпош керек. Болгону убагында тийиштүү адис, дарыгерлерге кайрылып, УЗИге түшүп туруу зарыл. Алды алынган ооруну айыктырып, сакайтып алуу жеңил болот. Айрыкча кыз-келиндер убагында маммолог, гинекологго барып туруусу абзел.

— Рак ооруларына каршы күрөшүү, бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына канча каражат бөлүнүп турат?

— Бюджеттен 143 миллион сом бөлүнөт. Бирок анын 60-70 эле пайызы кызматкерлердин айлык акысына каралган. Андан сырткары, тең төлөө (сооплата — ред.) деген ыкма киргизилген. Операция боло турган бейтаптар категориясына жараша эң көп 14 миң, эң аз 3180 сом төлөшөт. Терминалдык, химия-терапиялык оорулуулар акысыз дарыланат. Атайын эсебибиз бар, бардыгы биригип отуруп 200 миллион сомго жакын акча жыйнайбыз. 2018-жылы 80 миллион сомду биринчи жолу дары-дармек алганга жумшадык. Бизде балдар бөлүмү дагы бар. Эки жылдын ичинде ушул бөлүмдү 95 пайызга өз күчүбүз менен каржылаганга жетиштик. Мурункудай ата-энесине "тигини алып кел, муну алып кел" деген нерсе жок. Азыр андагы керектүү шаймандар, дары-дармектер толугу менен бюджеттен каржыланат. Бул өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин чоң жетишкендиги болду.

Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков
© Sputnik / Асель Акматалиева
Дарыгер: өпкө рагына чалдыккан эркектердин көпчүлүгү чылым чеккен адамдар

— Акыркы учурларда салттуу медицинага коомчулук арасында көптөгөн нааразычылык айтылып, кайсыл бир деңгээлде ишенбөөчүлүк дагы пайда болду көрүнөт. Ар кандай табыптардын саны көбөйүп, бейтаптарга медициналык тейлөө көрсөткөндөрдүн тобу чыга келди. Дегеним, жакында алдамчылыкка шектелип бирок кайра кое берилген онкологиялык ооруларды айыктырам деп жүргөн Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүнө кандай көз караштасыз?

— Ачыгын айтканда Зайналиев эч кандай жардам бере албайт. Аны эми орто кылымдагы жапайычылык катары кабылдаса болот. Албетте, оору өтүшүп кеткен учурда адам баласы жаны кыйналганда ар тараптан жардам издеп калат экен. Бирок ооруну өтүштүрбөй, бейтап убагында көрүнүп турушу керек. Зайналиев жана башка дагы табыптардын тобу ооруларды айыктыра албайт. Рак оорулары онкологдордун гана көзөмөлүндө болушу керек. Рак — өкүм эмес! Болгону убагында кайрылуу зарыл. Андан айыктырууга биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар.

— Азыркы тапта Онкология жана гематология борборунун алы кандай?

— Онкология жана гематология борбору тууралуу бир-эки ооз сөз айта кетейин. Ушул мекемеге дайындалганыма туура эки жыл болду. 2017-жылдын 4-февралында кызматка келгем. Ал жерге барганымдагы алгачкы күндөрүм дале эсимде. Борбордун коридорлору караңгы, кир, ооруган адамдын оорусун күчөтүп койчу эле абалда болчу. Аны жашырып кереги жок. Быйыл онкология борборунун ачылганына туура 60 жыл болот. Азыркы тапта өкмөттүн жардамы менен ремонттук иштер жасалып, дагы деле көп бөлүмдөрүбүздө кайра калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп жатат.

1347
Белгилер:
көзөмөл, дарт, рак, онкология, Эрнис Тилеков
Тема боюнча
Сүннөттөн кийин 5 оору таптакыр жолобойт. Урологдун маеги
3-4 жаштагы кыздар кансырап келет. Балдар гинекологу Боромбаева менен маек
Чек ара. Архив

Казак чек арасындагы чатак: мигранттар алдамчылардын торуна кантип түштү

15
(жаңыланган 00:24 06.08.2020)
Оренбург менен Самаранын жанындагы чатыр шаарчанын жашоочулары үйүн көздөй жөнөдү. Кыргызстан жарандары Россиядан автобус менен жолго чыкты. Ал эми Өзбекстан атуулдарын жуманын түнүндө поезд менен алып чыгып кетишет.

Алексей Стефанов

Кыргызстан менен өзбекстандык мигранттар Самара менен Оренбург облустарынын админстративдик чек арасында россиялык тарип сактоочулар менен чырдашты деп ЖМКлар жаза баштаганда, маселе чечилип калган.

Казакстандын жанындагы аймакта үч лагерь пайда болгон. Оренбургдун Бузулук, Самаранын Большечерниговск райондорунда, үчүнчүсү эки аймактын чегиндеги админстративдик трассанын бойлой жайгашкан. Чатак дал ушул үчүнчүсүндө чыккан.

Россия-казак чек арасында чогулган кыргыз, өзбек мигранттары эртең мекенине жөнөтүлөт

Лагерлерде мекенине жетүүнү каалаган Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары жашап турган. Бирок жабылган чек арага туш келди. Алар бул аймакка кокустан келген эмес, мигранттар алдамчы мекендештеринин айтканына ишенип жолго чыккан.

Оренбург облусунун админстрациясы: колдон келишинче жардам бердик

"Бардык мамлекеттердин өкмөттөрү мигранттардын үйүнө жетип алышына жардам кылыш керек деген чечимге келип, жол ачып, кордидор уюштуруп берген. Кыргыздар эки миңден көбүрөөк эле, эки күн жолго чыгышты. Акыркыларын салган автобус да жөнөп кетти. Ал эми өзбектер 700гө чукул. Учурда Бузулук-Ташкент поезд каттамына билет алышууда, бейшемби түнү үйүнө кетет", - деп айтып берди Sputnik агенттигине Бузулуктун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Татьяна Успанова.

Ал мигранттардын арбын бөлүгү талаада пайда болору менен райадминстрация Россияда калып калган бул калкка зарыл шарттарды түзүп берүү үчүн болгон аракетин кылгандыгын айтты. Тигилген чатырларга электр кубатын тартып алып келген, иче турган жана техникалык суу менен камсыздаган, таштанды салуучу контейнерди орноткон. Ажатканаларды курган.

Албетте, булар айылдагыдай болгону менен жоктон көрө жогору эле. Ага чейин бул жерде адам жашабаган ээн талаа болгонун Успанова кошумчалаган.

Оренбургдан келчү мекендештерди ташыган 43 автобус жолго чыкты

"Лагерге мекендештери келип мигранттарга жардам берип жатышты. Ишкерлер аларга жумуш сунуштаганы менен, эч ким иштей турган каалоосун билдирген жок. Кыязы, жашап турганга каражаттары бар окшойт. Биздин лагерь аркылуу үч миңге чукул мигрант өтсө, алардын 10го жакыны гана ишке чыгып, калганы жөнөп кетчү күндү күтүп отурушту", - деп айткан Успанова.

Гастарбайтерлер алдамчы-таксисттердин торуна түшүп калышты

"Азыр Бузулук районундагы лагерь жабылды, эл кетүүгө камынып отурушат", - деди ал.

"Бул деген алдамчылык да, эл социалдык тармакка жазылгандарга ишенип алыптыр. Анда бул жерде үйүнө кетебиз деген гастарбайтер пансиоанат, санаторийлерге жашап турат деп айтылган экен. Эки адам бир бөлмөгө жайгаштырылат жана үч маал тамак берилет дешиптир. Анан бизге Россиянын булуң-бурчтарынан – Москвадан, Сахалинден, Воронеж, Пермь, Краснодар, Тюменден келе башташыптыр… Бул жерге жеткенде эч нерсеси жок талаага туш болушту", - дейт ачууланган Успанова.

Ал улуттук топтордогу мындай билдирүүлөр токтобосо, ээн лагердин жанына чатырлар кайрадан тигилиши мүмкүн деп чочулап жатканын айтты. "Мен элди аяп жатам — алар ишенип, талаага келип жатышат".

"Ооба, туура, мындай маалыматты таксисттердин Telegram каналы таратат. Алар мигранттарды Өзбекстанга алып кетүүнү сунуштап, көп акча алышкан, бирок чек арадан жүргүнчүлөрдү таштап, өздөрү артка кетип калышкан", — деп билдирди Өзбектер жана өзбекстандыктардын бүткүл Россиялык конгрессинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Диляра Сабирова.

Ал ушул күндөрдө мекендештерине күйүп-бышып жардам берип, көйгөйлөрүн чечкенге аракет кылып жатты.

"Биз Өзбекстандын жарандарын мекенине жөнөткөнү жатабыз. Бүгүн аталган өлкөнүн башкы консулу келип, аны менен биргеликте адамдардын санын аныктап, тизмесин түздүк. Эми 7-августка караган түнү Өзбекстанга эки курам жөнөтүлөт", — деди Сабирова.

16 вагондон турган бир поезд Оренбург облусундагы Бузулук станциясына, ал эми 20 вагондон турган экинчи поезд Самара аймагындагы Кинель станциясына келип, жума күнү кечинде 1500 адам Ташкентке кайтат.

"Бул жолкусунда маселеге олуттуу карадык. Кечээ түнкү саат бирге чейин тизмени түзүп, бүгүн бардыгын компьютерге тердик. Өткөндө жагымсыз жагдайга туш болдук эле, тагыргаагы, июль айынын орто ченинде мигранттарды поездге түшүрө баштаганда, ал жакта чоочун адамдар бар экени белгилүү болду. Эми мындай кырдаалга жол берилбейт, жөнөтүүнүн бардык процесси көзөмөлдөнөт", — деди Сабирова.

Ошондой эле Сабирова Кыргызстандын бардык жарандары лагердеги чатырлардан кеткендигин тастыктады. Ал эми Өзбекстандын жарандары билеттерди алып, поезддин келишин күтүп жатышат. Анын айтымында, Самара жана Оренбург облустарынын администрациясы мигранттар темир жол бекеттерине жетип алышы үчүн автобустарды беришет, андан кийин үйлөрүнө кетишет.

"Албетте, кыйынчылыктар дагы бар. Мисалы, бир адамды Новороссийскиден автоунаа менен алып келишкен, ал үчүнчү кабаттан кулап түшүп, өтө оор жаракат алган экен. Операция араң жасалган. Ал азыр деле автоунаада жатат, айланадагылар жардам берип атышат. Чартердик рейс жок болгондуктан, учак менен алып кете албай койдук. Кечээ бирөөлөр менен сүйлөшкөндө аны станцияга чейин алып барууну, мүмкүн болсо поезд менен жөнөтүүнү суранганбыз. Балдак таянган дагы эки киши бар, аларды тез арада мекенге кайтарышыбыз керек. Дагы кош бойлуу үч аял жана үч бала бар", — деп сөзүн жыйынтыктаган Сабирова.

Ал ойлогон ою ишке ашып, эл аман-эсен үйүнө жетип аларына үмүт артып турганын кошумчалады.

15
Белгилер:
поезд, автобус, коронавирус, мигранттар, Казакстан, Самара, Оренбург, Россия
Тема боюнча
Миңдеген кыргызстандыктар Россия менен каттамдын ачылышын күтүп жатат
Боом капчыгайындагы унаалар. Архив

Кулак кагыш! Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу өзгөрдү

312
(жаңыланган 21:55 05.08.2020)
Өкмөттүн облустагы өкүлү Түлөбаев аймактар аралык каттамга уруксат берилгенин айтып, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенгендерге жоопкерчилик жүктөлө турганын эскерткен.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда аймактар жана райондор аралык каттамдарга уруксат берилип, карантиндик эки пост алынды. Бул тууралуу Облустук штаб кабарлады.

Штабдын жыйынында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев айдоочуларга жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компания ээлерине жоопкерчилик жүктөлө турганын айткан.

"Райондор жана региондор аралык жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берилет. Бирок бет кап тагынуу режимин, санитардык нормаларды сактабаса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт", — деген Түлөбаев.

Тартип сактабаса, жабабыз! Балбак Түлөбаев Көлдө Жээнбековго убада берди

Ошондой эле облустун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик постторду алуу боюнча чечим кабыл алынган.

Түлөбаевдин айтымында, посттордо иштеп жаткан медиктер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өз ордунда иш алып баруусу керек.

"Медиктер, райондук мамлекеттик администрация жана мэриялардын кызматкерлери кезек менен посттордо нөөмөттө туруп келишкен. Учурда алар өз ордунда иштеши керек. Эгерде постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар", — деген облустун башчысы.

Белгилей кетсек, коронавирус кырдаалына байланыштуу Көлдө 10-июлдан тарта региондор аралык жана облустун ичинде каттаган автобус менен маршруткалар ишин токтоткон.

312
Белгилер:
чыгуу, кирүү, каттам, пост, Ысык-Көл облусу
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
"Колдоо керек". Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт