Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы улуттук деңгээлде белгиленет

Жазылуу
Мааракени белгилөө үчүн уюштуруу комитети түзүлмөкчү.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча тийиштүү буйрукка кол койду.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, мааракени белгилөө үчүн уюштуруу комитети түзүлмөкчү. Ошондой эле аны улуттук деңгээлде өткөрүү боюнча иш-чаранын планы бекитилет.

Бишкекке саякат: Ак үй - Sputnik Кыргызстан
Архитекторлорду убайымга салган Ак үйдүн чуусу
Буга чейин эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков быйыл Усубалиевдин 100 жылдыгы экенин жана ага өкмөт көңүл бурушу зарылдыгын белгилеген болчу. Андан сырткары, Бишкек шаарындагы Киев жана Нарын шаарындагы Ленин көчөлөрүнө анын атын берүүнү сунуштаган.

Турдакун Усубалиев Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптанып-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал 1919-жылы Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0