Ички иштер министрли Кашкар Жунушалиев. Архив

Министр Кашкар Жунушалиев маалымат жыйындагы сөзү. Тексттик трансляция

275
(жаңыланган 11:52 05.02.2019)
Жунушалиев Ички иштер министрлигинин жасаган иштери тууралуу айтып, милиция кызматкерлеринин катышуусу менен болгон кылмыш иштери жөнүндө суроолорго жооп берет.

Маалымат жыйынга министрликтин түрдүү кызматтарынын жетекчилери, Бишкек ШИИБ менен Чүй ОИИББдин башчылары катышат.

Иш-чарада "Кыргызстандагы ички иштер органдарынын 2018-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердиги жана сот реформасынын алкагында жаңы кодекс менен мыйзамдарды ишке киргизүү аракеттери" тууралуу сөз болот.

Жаңы билдирүү
  • 11:36

    Жунушалиевдин маалымат жыйыны аяктады

    Бакыт Сейитовдун айтымында, министр 20 журналисттин суроолоруна жооп берди.

  • 11:14

    Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов маалымат жыйын экинчи саатка созулуп жатканын айтып, ар бир журналистке бирден суроо берүүнү өтүндү.

  • 11:13

    2018-жылы мектеп рекетчилиги боюнча 106 факты катталган, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга азайган. Бул тууралуу ички иштер министринин маалымат жыйыны учурунда тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү билдирди.

    Учурда мектеп жетекчилиги, Билим берүү жана илим министрлиги  менен иш алып барылып жатканы маалымдалды.

  • 11:08

    Учурда Жогорку Кеңештеги депутаттардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү барбы? Министрдин жообу

    Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "учурда Жогорку Кеңеште депутат болуп отургандардын ичинде кылмыштуу топтун мүчөлөрү барбы?" деген суроого жооп берип жатып, "Депутат болом дегендер текшерилет. Биздин маалымат борбору маалым кат берет. Биздин маалымат борбору компромат боло турчу маалымат жок деген билдирүү берген" деди ал.

  • 11:03

    Кашкар Жунушалиев ИИМдин 2018-жылда жасаган ишине баа берди

    Жунушалиев журналисттин "өзүңүздүн ишиңизге 5 баллдык шкала боюнча кандай баа бересиз?" деген суроо салды.

    Министр өзүнүн ишине баа бере албай турганын, бирок  "ИИМдин 2018-жылы аткарган ишине канааттандырарлык деген баа берем" деди Жунушалиев.

  • 11:01

    Жунушалиев: автоунаанын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүнү караштырып жатабыз

    Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев автоунаанын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүү маселеси каралып жатканын айтты.

    Ал ошондой эле жаңы кодекс боюнча автоунаасынын терезесин караңгылатып алгандарды тескөө транспорт министрлиги бекитилгенин айтып, учурда ал милдетти кайра ИИМге алуу боюнча жаңы кодексктерге өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканын билдирди.

    "Ачыгын айтканда Транспорт министрлиги аны алып бара албайт. Биздин кызматтар менен бирге азыр рейдге чыгып жатышат", — деди ал.

  • 10:51
    Глава МВД и его подчиненные отвечают на вопросы журналистов.

    Кашкар Жунушалиевдин маалымат жыйыны видеодо

    Жунушалиев министрликтин жасаган иштери, акыркы учурда милиционерлер аралашкан кылмыш иштери жөнүндө суроолорго да жооп берет.
    Дагы
  • 10:49

    Министр: Токмоктогу атышуу боюнча тийиштүү кишилер жоопко тартылат

    Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Токмоктогу чек арага жакын жерде болгон атышуу боюнча тергөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен тийиштүү жетекчилер менен кызматтарга чара көрүлөрүн билдирди.

    "Токтомоктогу атышуу боюнча учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында жетекчилер кандай жазага тартыларын айтабыз. Азыр башка кызматтарга карата да көп суроолор бар", — деди ал.

  • 10:35

    Кашкар Жунушалиев ЖАМКтын жетекчилигине барабы?

    Журналисттер акыркы кездери социалдык тармактарда тарап жаткан "Жунушалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине барат экен"деген кептер канчалык туура экенин сурашты.

    Өз кезегинде министр Жунушалиев ал тууралуу окубаганын айтты.

    "Мен окубаптырмын. Мага басма сөз кызматым дагы айтпаптыр. Андай маалыматты билбейт экем", — деп жооп кайтарды.

  • 10:28

    Журналисттер Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча тергөө тарабынан күбөлөргө басым болуп жатабы? деген суроо узатылды. ИИМ жетекчисинин ыкчам иликтөө боюнча орун басары тергөө тарабынан эч кандай басым болбогонун, шектүү Калыбек Элтуйбасов миграция мыйзамсын буганы үчүн АКШда кармалганын, аны экстрадициялоо боюнча маселелер такталарын айтты.

  • 10:19

    Жунушалиев 2018-жылы ички иштер органында иштегендердин кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу боюнча маалымат берди.

    "2018-жылы ар кандай тартип бузуулар боюнча 5 811 кызматкер тартип жазага тартылган. 71 кызматкер тартипти одоно бузганы үчүн ички иштер органдарынан кызматынан бошотулган, 205 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. 2018-жыл ичинде мыйзам бузуу жоопкерчилигине 1 475 кызматкер тартылган. Анын ичинде жаза процессуалдык кодексинин нормаларын бузганы үчүн 343кызматкер, кылмышты жашыруу үчүн 139 кызматкер, жасалма документ колдонуу боюнча 14, жол транспорту окуяларв боюнча 27, автоунааны мас абалында айдаганы үчүн 67 кызматкер жоопкерчиликке тартылган. Бул биздин ички иликтөө кызматынын былтыр иштегенинин натыйжасы", — деди ал.

  • 10:11

    Министр: акыркы беш жылдагы статистика боюнча жол кырсыктан жабыркаган өспүрүмдөрдүн саны азайган.

  • 10:09

    Кашкар Жунушалиев: 2018 жылы укук коргоо органдары тарабынан 29 718 кылмыш иши катталган. Анын ичинен ИИМ тарабынан 26 550 кылмыш иши катталган. Аларды иликтөө учурунда 19 861 кылмыш иштин бети ачылган.

  • 10:03

    ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин маалымат жыйынын чагылдыруу үчүн катталган ЖМК менен журналисттердин саны 55тен ашканын айтты.

275
Белгилер:
маалымат жыйын, ИИМ, Кашкар Жунушалиев