БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Menwithhealt Instagram аккаунтунда жаш жигиттин күч өлчөгөн аспапта буту менен сокку узатып жаткан видеосу жүктөлдү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Видеодо көрүнүп тургандай, окуя Бишкектеги Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары жигиттин соккуларын уруш өнөрлөрүнүн чебери Жеки Чандын стилине салыштырган.
Учурда видео 54 миңден ашык көрүүчүнү топтоду.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдорго муз тонуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.