Уят! Акрамов Кыргызстандын медицинасындагы бетпактыкты ачыктады

Жазылуу
Эрнст Акрамов дайым бетке чабар мүнөзү менен өзгөчөлөнүп келген. Айланасындагыларга өтө катаал көрүнгөндөн чочулабай, түз сүйлөп, ала кушту атынан атайт.

Профессор Акрамов ооруканада түнөп, ошол жерде күн кечирет. Иш бөлмөсүнө керебет коюп алган. Ал эми өзү кадыресе турмуш кечиргендей: "Таңгала турган эмне бар? Жашоом ушул, бейтаптар менен жашайм", — деп коет.

Андайларды өз кесибинин чебери же иш дегенде ичкен ашын жерге койгон киши деп коюшат эл ичинде. Жок эле дегенде отуз миңден ашуун операция жасаган профессор алардын эсебин да албайт. 

— Сиз экөөбүз мурда да көрүшкөнбүз.

— Чындап элеби? 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭрнст Акрамов: бир айым сынык менен ооруканага кайрылса, жеңил эле бир операцияга 65 миң сом талап кылышканын айтып беришти мага! Бул өтө уят иш!
Уят! Акрамов Кыргызстандын медицинасындагы бетпактыкты ачыктады - Sputnik Кыргызстан
Эрнст Акрамов: бир айым сынык менен ооруканага кайрылса, жеңил эле бир операцияга 65 миң сом талап кылышканын айтып беришти мага! Бул өтө уят иш!

— Бир топ жыл илгери. Ал кезде секелек кыз элем. Бир күнү кечинде ичим чыдатпай ооруй баштады. Тез жардам менен ооруканага алып келишти. Оорудан онтоп, бир эсе коркуп ыйым тыйылбады. Доктур келди акыры. Ал мага аябай акылдуу, тажрыйбалуу туюлду, себеби тегерегиндегилердин баары ага суроо берип жатышкан. Врач мени УЗИге түшүрдү, кабагын бүркөп, мандем сокур ичегимде экенин, тезинен операцияга даярдоо керек экенин айткан.

— Өтө шашылышпы?

— Ооба, кечиктирбестен жасалышы керектигин, болбосо, сокур ичегим жарылып, өлүп каларымды да айткан. Ошондо апам түн ортосунда мени башка ооруканага алып жөнөгөн. Сиздин иш бөлмөңүзгө баш бактык. Ичимди кармап көрүп, чочулабай үйгө бара беришимди, аппендицит жок экенин билдирдиңиз. Ичим өзүнөн өзү басылып, операция болгон эмесмин.

— Канча жыл өттү андан бери?

— Он жети жылча болуп калды...

— Сиз жашап эле жүрөсүз?..

— Ооба, типтирүүмүн.

— Кесип салышмак. 20-30 миң сомдой акча алышмак. Операцияны кандай көтөрөрүңүз да арсар болмок. Азыр көп жерде ушундай алдамчылык бар, акча үчүн баарына даяр, ал тургай, бейтапты курмандыкка да чалып жиберишет.

Өткөндө бир айым сынык менен ооруканага кайрылса, жеңил эле бир операцияга 65 миң сом талап кылышканын айтып беришти мага! Бул өтө уят иш!

Ал эми ракка кабылгандардан 100 миң сом алышат. Элде андай акча кайдан? Адамга медициналык жардам капчыгынын калыңдыгына карап көрсөтүлбөшү керек. Врачтын бейтапты акча табууга мажбурлашы кылмыш болуп саналат! 

© Sputnik / Табылды КадырбековАкрамов: Менчик бейтапканалар — биздин иштеги эң ыплас жай, анда эч кандай кесипкөйлүк, мектеп деген жок. Доктурлар андай жерден эч нерсе үйрөнө алышпайт, үйрөнүүгө чамасы да келбейт.
Уят! Акрамов Кыргызстандын медицинасындагы бетпактыкты ачыктады - Sputnik Кыргызстан
Акрамов: Менчик бейтапканалар — биздин иштеги эң ыплас жай, анда эч кандай кесипкөйлүк, мектеп деген жок. Доктурлар андай жерден эч нерсе үйрөнө алышпайт, үйрөнүүгө чамасы да келбейт.

— Маектериңиздин биринде менчик бейтапканаларга каршы экениңизди билдирипсиз. Эмнеге? Акча төлөсөм, сапаттуу дарылашат да мени.

— Анын эмнеси жакшы!? Менчик бейтапканалар — биздин иштеги эң ыплас жай, анда эч кандай кесипкөйлүк, мектеп деген жок. Доктурлар андай жерден эч нерсе үйрөнө алышпайт, үйрөнүүгө чамасы да келбейт.

Бизге жеткенче ортодон менчик бейтапканага барып, абалы ого бетер начарлаган бейтаптарды көп көрчү болдум. Мындай учурлар толтура. Ал тургай, кээде эптеп акча алыштын амалын издеп, таптакыр талап кылынбаса деле операция жасай беришет. Акмакчылык чегине жеткен жерде башы ооруса, бутун кесишет.

— 2005-жылга чейин Кыргызстанда маркумду союу бардык жерде жүргүзүлчү. Ал эми азыр туугандары диний ишениминен улам сойдурбай алып кетүүгө акылуу. Буга кандай карайсыз?

Кыргызстан информатиктер ассоциациясы коомдук бирикмесинин төрагасы, профессор Уланбек Мамбетакунов - Sputnik Кыргызстан
Рак болгон аялымды "төркүнүнө жеткирип сал" дешкен. Бишкектик мугалимдин маеги
— Эл бир нерсени түшүнө бербейт, сөөктү жерге берүүдөн мурда ал союлушу керек. Өлүкканада "Маркумдар тирүүлөргө үйрөтөт" деген ураан жазылган. Бул эмнени билдирет? Врач андан аркы ишинде катачылык кетирбөө үчүн туура дарыладыбы же жокпу, так билип алууга тийиш. Албетте, эгер киши 7-кабаттан учуп же көптөн бери рак менен алышып келген болсо, андай учурда баары айдан ачык, ага баш катыруу зарыл эмес. Бирок көп учурда адам эмнеден каза тапканын так аныктоо татаал.

"Кудай берген жанды кудай алды" деген принцип — орто кылымга таандык. Анан медиктерден кантип кесипкөйлүктү күтүүгө болот?! 

— Дарылоо акысыз болсун деген пикирдесиз, бирок азыркы медицина деле абдан кымбат. МРТ же башка аппаратурабы, айтор баасы бир топ эле...

— 60-70 жыл мурун биз эч кандай МРТсы жок эле дарылап келгенбиз. Ой жүгүртүп, мээни иштетип эле ооруларды жеңчүбүз, балким, азыркы кымбат аппаратураларды колдонуп дарылоодон да артык дарылагандырбыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековАкрамов: 60-70 жыл мурун биз эч кандай МРТсы жок эле дарылап келгенбиз. Ой жүгүртүп, мээни иштетип эле ооруларды жеңчүбүз, балким, азыркы кымбат аппаратураларды колдонуп дарылоодон да артык дарылагандырбыз.
Уят! Акрамов Кыргызстандын медицинасындагы бетпактыкты ачыктады - Sputnik Кыргызстан
Акрамов: 60-70 жыл мурун биз эч кандай МРТсы жок эле дарылап келгенбиз. Ой жүгүртүп, мээни иштетип эле ооруларды жеңчүбүз, балким, азыркы кымбат аппаратураларды колдонуп дарылоодон да артык дарылагандырбыз.

— Кандайдыр бир сырдуу жол же дуба менен 4-баскычтагы ракты айыктырып жиберүүгө жөндөмдүү эмчи-домчулар кеңири тарап баратат. Мындайга кандай карайсыз?

— Бейтаптын бүт организмин метастаза жабыркатып салган дейли. Өтө өтүшүп кеткен учур, онкологдор андайды эшиктен эле кайтарып жиберишет. Андай бейтапка эмне кыл дей аласыз? Кайда барат? Табыптарга барат. Ал дубасын окуйт, кандайдыр дары чөп берет. Албетте, бул дарылоо эмес, адам болгону дарттан алаксый түшөт. Шамандарды айыптап эмне кылабыз? Эч ким аларга бейтапты күчтөп алпарбайт. Андан көрө андай бейтапты кайда жиберүүнүн жолун чечкиле. Бөлөк мамлекеттерде кесели өтүшүп кеткен бейтаптар атайын хоспистерге жаткырылат, аларга ооруну басаңдатуучу дарылар берилет, абалын жеңилдетүүгө аракеттер жасалат.

— Ошентсе да социалдык медианын ар бутагында жардам сурап кайрылгандар жайнайт. Жакынын ажалдан арачалап калуу үчүн колундагы акыркы акчасын карматат, себеби чет жерде бардык дарттан айыктырышат, бирок акысы асмандын башын чапчыйт.

— Өлкөбүздө адамдар алакан сунуп, акча суроого аргасыз абалда болгону абдан ачуумду келтирет. Мамлекет эмне кылып отурат?! Анан да миллиарддап акча уурдап кармалгандар жаңылыктардан күндө көрсөтүлөт. Киши элдин акчасын уурдап алат да шарттуу түрдө гана кесилет.

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда рактын 4 түрү басымдуулук кылат. Эрнис Тилеков менен маек
Бир да өлкө дарылай албай турган кеселдер бар. Бирок айрым бейтапканалар баары бир ири эсептерин жибере беришет, анткени акча табууну көздөшөт. Ошол эле рак дейли, аны АКШ, Канада же биздин Кочкордо да бирдей дарылашат. Жанна Фриске мээсиндеги шишиктен сакайып кетүү үчүн миллиондорду сарптады. Жеңе алган жок да дартты... Рак байларды да алып кете берет.

Бирок биздин киши чет өлкөгө барса эле аны айыктырып коюшарына ынанат. Иш жүзүндө бейтап жүз миңдеген доллар коротот, бирок ал жакта анын өмүрүн бир-эки айга гана узарта алышат, анан болду. Бул нерсе көйгөйдү чече албайт. 

— Врачтар көп учурда бейтаптардын таасирдүү туугандарын ортого салып, доктурларга кысым көрсөткөндөрүнө наалып калышат. Мындай учур сиздин ишмердигиңизде болду беле?

— Менде да, менин алдымда иштегендерде да андай нерсе болгон эмес. Менин бейтапканамда бир эреже сакталат: бейтаптын дарты такталмайынча, үйүнө кое берилбейт. Эч ким ооруканага тегин жерден келе бербейт, баш бактыбы, демек, саламаттыгы тынчын алды.

Көп учурда бейтап оору жаңы башталганда кайрылат, врач эч нерсе таппай кетирип коет. Көп өтпөй баягы бейтап ооруканага түшөт, дарты өтүшүп кетет, операция кылууга кеч болуп калат.

Врачтар бейтаптарды орун жок деген шылтоо менен кубалай беришет. Орун жок деген эмнеси?! Кушеткага жаткыр анда! Ординатордук бөлмөгө жатсын! Эгер анда да орун калбаса, палас төшө да, жерге жаткыр, орун бошогондо палатага которо коесуң. Башкысы, бейтап сенин көзөмөлүңдө болсун. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭрнест Акрамов: Менин бейтапканамда бир эреже сакталат: бейтаптын дарты такталмайынча, үйүнө кое берилбейт. Эч ким ооруканага тегин жерден келе бербейт, баш бактыбы, демек, саламаттыгы тынчын алды.
Уят! Акрамов Кыргызстандын медицинасындагы бетпактыкты ачыктады - Sputnik Кыргызстан
Эрнест Акрамов: Менин бейтапканамда бир эреже сакталат: бейтаптын дарты такталмайынча, үйүнө кое берилбейт. Эч ким ооруканага тегин жерден келе бербейт, баш бактыбы, демек, саламаттыгы тынчын алды.

— Эмнеге ооруканада жашайсыз?

— Кайда жашайын анан?

— Эл адатта батир, үйлөрдө турат го...

— Мен ооруканада жашайм. Өмүрүмдүн көп бөлүгүн ушул жерде өткөрөм.

— Бирок антип жашашка болбойт да!

— Эмнеге болбосун? Мен ушинтип жашайм. Бейтаптар менен.

— 1989-жылы республиканын партиялык аппаратынын каалоосу менен сиз СССРдин элдик депутаты болгонсуз. Эмнеге саясий кызматты улап кетпедиңиз?

— Ал жакка аралашып эмне табам, сүйгөн ишимди аткарып, бейтаптарды дарылайм. Бул саясат менен бизнестен да маанилүү. Медицина — ааламдагы эң ыйык кесип.

Жаңылыктар түрмөгү
0