Калың түшкөн кардан улам эл аралык Манас аэропорту ишин токтотту

Калың кардан улам "Манас" аэропорту ишин токтотту

275
(жаңыланган 10:01 06.02.2019)
Түнкү каттамдардын бардыгы эч бир тоскоолдуксуз аткарылган.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Калың түшкөн кардан улам эл аралык "Манас" аэропорту ишин токтотту. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Буга байланыштуу 10 каттам (учуп-конуу) өз убактысынан кармалууда.
Стамбулдан чыккан "Түрк аба жолдору" жана Дубайдан учуп келген Fly Dubai компаниясынын аба кемелери Ташкенттин запастагы аэродромуна жөнөтүлгөн.

Түнкү рейстердин баары эч тоскоолдуксуз аткарылганы айтылат.

Учактардын учуп-конуусу саат 6.30дан тарта токтотулду. Учуп-конуу тилкесин кардан тазалоо иштери саат 11.00гө чейин жүрмөкчү.

275
Белгилер:
аэропорт, кар, Бишкек
Тема боюнча
Шейшембиге карата аба ырайы