Троллейбусы остановились в центре Бишкека из-за аварии в троллейбусной подстанции Бишкека

Бишкек: авария болуп, троллейбустар убактылуу токтоп калды

130
(жаңыланган 14:04 06.02.2019)
Коомдук транспорттун кыймылын жандандыруу үчүн адистер жеринде иштеп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Борбор шаарда учурда №11, 14, 2, 9, 7 каттамы менен жүргөн троллейбустар убактылуу токтоп калды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Учурда троллейбустар Манас проспектисинде Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин, андан сырткары, Киев көчөсүндө да, Жибек Жолу проспектисинде да тизилип турат.

  • Троллейбусы остановились в центре Бишкека из-за аварии в троллейбусной подстанции Бишкека
    Борбор шаарда учурда №11, 14, 2, 9, 7 каттамы менен жүргөн троллейбустар убактылуу токтоп калды.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Троллейбусы остановились в центре Бишкека из-за аварии в троллейбусной подстанции Бишкека
    Учурда троллейбустар Манас проспектисинде Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин, андан сырткары, Киев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин тизилип турат.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Борбор шаарда учурда №11, 14, 2, 9, 7 каттамы менен жүргөн троллейбустар убактылуу токтоп калды.

"Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын подстанциясында авария болду. Коомдук транспорттун кыймылын жандандыруу үчүн адистер жеринде иштеп жатат", — деп айтылган маалыматта.

Аталган башкармалык ыңгайсыздык жаратканы үчүн шаардыктардан кечирим сураган.

130
Белгилер:
авария, троллейбус, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте жеңил унаа менен троллейбус кагышты. Сүрөт
"Тазалык" Бишкектин көчөлөрүн кардан арылтып жатат. Сүрөт