БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттиги "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында камералар каттоого ала турган жети эреже бузуу боюнча ролик жарыялады.
Видео ведомствонун Facebook баракчасына жайгашты. Учурда камералар тесттик режимде иштеп жатат. Ал эми 12-февралдан тарта толук ишке кирет. Биринчи этаптын алкагында камералар борбор калаанын 10 кесилишине орнотулган.
Камералар эреже бузууларды кантип каттай турганын көрүп алыңыз:
Камераларды келерки жылдын 10-февралына чейин толук орнотуп бүтүү пландалып жатат.