Милиция кызматкери. Архив

Депутаттар түкүрүк үчүн айып пулду 5500 сомдон 1000 сомго түшүрүүнү сунуштады

114
(жаңыланган 19:57 06.02.2019)
Сунуш мыйзам долбооруна киргизилди.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Эл өкүлдөрү түкүрүк үчүн каралган 5500 сом айып пулдун көлөмүн 1000 сомго чейин түшүрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Эреже бузуулар боюнча кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун карады. Аталган мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн.

"Депутаттардын көбү түкүрүк үчүн каралган айыптын көлөмүн түшүрүүнү сунушташты. Аталган сунуш долбоорго киргизилди", — деди Бекешев.

Депутат, андан сырткары, аталган мыйзам долбоору эртең, 7-февралда, экинчи окууда караларын кошумчалады.

2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жаңы кодекстер ишке кирген. Анын ичинде коомдук жайда түкүргөндөр үчүн 5500 сом айып каралган. Айып пулдун көлөмү эл арасында катуу талкуу жараткан. Өкмөт дагы аны азайтууга макул болгон.

114
Белгилер:
түкүрүк, айып пул, Дастан Бекешев, Кыргызстан
Тема боюнча
Түкүрүнүп, тамеки чеккен милиционерлер табылды
Коомчулуктун пикиринен кийин түкүрүк боюнча айып пул азаймай болду