Приложение электронного кошелка Мобильник на экране смартфона

"Мобильник" көйгөйүнө компаниянын жетекчилиги комментарий берди

107
(жаңыланган 10:34 07.02.2019)
"Мобильниктин" айланасында жаралган көйгөйдү укук коргоо органдары териштирип жатат.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. "Мобильник" ЖЧКсынын кардарларынын каражаттары банктык эсептерде жана компаниянын кассасында. Бул тууралуу уюмдун төрайымы Динара Садыкова тараткан маалыматта айтылат.

Ал белгилегендей, колдонуучулардын каражаттары көзөмөлдө. Ал эми 25-январдан 5-февралга чейин аткарылган төлөмдөр өз ээсине жетет.

Садыкованын айтымында, электрондук капчыктагы акчаларды "Мобильник" менен кызматташкан банктардагы эсепке которууга болот.

"Көз карандысыз аудитордук компания ишке киришти. Дагы бир жолу айта кетели, электрондук төлөмдөрдүн айланасындагы көйгөй "Мобильниктин" маалыматтык системасындагы мүчүлүштүктөн улам жаралды. Учурда укук коргоочулар себебин аныктап жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин окурмандар кызмат аркылуу акча которуп, өз балансын толтура албай же каражаттарын ала албай жатканын айтып арызданышкан. Ал эми "Түндүкэлектр" ААКсы 1-февралдан тарта "Мобильник" менен кызматташуусун токтоткондугун кабарлаган. Мындан сырткары, "Альфа Телеком" ЖАКы (MegaCom бренди) дагы кызмат аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууну токтоткон.

107
Белгилер:
ЖЧК "Мобильник", Кыргызстан
Тема боюнча
Улуттук банк: "Мобильник" 6-февралга чейин кардарлар менен эсептешүүсү керек
"Мобильниктен" акча чыгаруу токтотулду. Качан калыбына келет?