Депутат Бишкек — Кара-Балта жолунун оңдолушу кечигип жатканына нааразы болду

Жазылуу
Эл өкүлү бир көпүрө бир жылдан бери бүтпөй жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов Бишкек — Кара-Балта жолунун оңдолушу мөөнөтүнөн 6-7 айга кечигип жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Ал мисал катары Москва районундагы май куюучу жайдын жанына салынып жаткан көпүрө бир жылдан бери бүтпөй жатканын айтып, болгону 10 гана түркүгү (тумба) коюлганын белгиледи.

"Көпүрөнү салып баштаганына бир жыл болду. Ошол жерге барып карасам, болгону он тумба куюптур. Эгерде бир жылда он тумба куюп жатса, анда бул жол качан бүтөт?" — деп эл өкүлү суроо салды.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Калилов: Бишкек — Кара-Балта жолу 2021-жылы толук пайдаланууга берилет

Бишкек — Кара-Балта унаа жолу транспорттук коридорду жакшыртуу долбоорунун алкагында оңдолуп, узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Аны оңдоо иштери 2017-жылы жайында башталган.

Курулуш иштерин Азия өнүктүрүү банкы каржылоодо. Техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгы боюнча аталган банк 100 миллион доллар бөлгөн, анын 65 миллиону насыя болсо, 35 миллиону грант иретинде берилген. Ал эми кыргыз өкмөтү 28 миллион доллар караган.

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек — Кара-Балта жолу 2021-жылы толук пайдаланууга берилерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0