Өлкө боюнча муниципалдык кызматтарда 1200гө жакын орун бош турат

Жазылуу
Бокоев бош турган кызмат орундарда иштей турчу кызматкерлердин жумушун ким аткарып жатканына кызыкты.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрам Мадумаров Кыргызстан боюнча муниципалдык кызматтарда 1200гө жакын кызмат орун бош турганын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлдөрү бүгүнкү жыйында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулашты. Ал экинчи окууга киргизилет.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиров спикер менен премьерге кол тийбестик берүү мыйзам долбоорун чакыртып алды

Депутат Кенжебек Бокоев бош турган кызмат орундарда иштей турчу кызматкерлердин жумушун ким аткарып жатканына кызыкты.

Мадумаров болсо ички аппараттагы кызматкерлер жаңы кадрлар алынганга чейин алардын милдетин аткаруучу болуп дайындалып жатканын билдирди.

Эл өкүлү ошондой эле жергиликтүү депутаттардын мөөнөтү стажга кирер-кирбесине кызыкты.

Кадр кызматынын төрагасы жергиликтүү кеңешке депутат болгондордун мөөнөтү жакында эле стаж катары саналып баштаганын билдирди.

"2014-жылга чейин кирчү эмес, эми аталган жылдан бери эсептелип калды", — деди ал.

Мадумаров, андан сырткары, жергиликтүү кеңештин төрагасы жана мэрлер саясий кызмат болгондуктан аларга класстык чин берилбей турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0