Сагынбаев: Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар пара алган

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов. Архив
Борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-мэр учурда төрт кылмыш иши боюнча айыпталып жатат.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар пара алган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Албек Ибраимовду сот залынан аскерлердин коштоосунда алып кетишти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Албек Ибраимовду сот залынан аскерлердин коштоосунда алып кетишти. Видео

Анын айтымында, Ибраимов учурда төрт кылмыш иши боюнча айыпталып жатат. "Дастан Инжиниринг" жана "Дастан" (буга чейин аталган компанияны Ибраимов башкарчу) компанияларынын ортосундагы келишимге ылайык, атайын жабдуулар кымбат баада жеткирилген. Мындагы чыгым 22 миллион сомду түзгөн. Буга байланыштуу Ибраимовго, орун басарына жана башкы бухгалтерине коррупция жана алдамчылык боюнча айып тагылды.

"Маалымат иретинде Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар алганын айтып коеюн. Бул каражат "Дастан Инжиниринг" компаниясынын кассасынан чыгарылган", — деди Сагынбаев.

Мэрге карата калган иштер Бишкектеги жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0