Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов. Архивдик сүрөт

Министрдин орун басары: түкүрүк деген сөз жокко чыгарылат, бирок...

491
(жаңыланган 09:34 08.02.2019)
Депутаттар "Кыргыз Республикасынын Эреже бузуулар жөнүндөгү кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун талкуулашты.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов "Эреже бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорунда түкүрүк деген сөз жокко чыгарыларын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Учурда депутаттар "Кыргыз Республикасынын Эреже бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал экинчи окууга киргизилет.

Эл өкүлү Дастан Бекешев түкүрүк деген сөз кантип жокко чыгарыларына кызыкты.

Асанов киргизилип жаткан өзгөртүүдө түкүрүк деген сөз башка категорияга киргизилип жатканын айтты.

"Главаларды өзгөрттүк. Жаңы толуктоого "тыюу салынган жерлерде тамеки чегүү, коомдук жайларда жүрүм-турумдун жалпы кабыл алынган ченемдерин бузуу" деп киргиздик. Кашаанын ичинде түкүрүү, чимкирүү, чемичке чагуу жана башкалар деп белгиленди", — деди Асанов.

Бекешев ошондой эле буга чейин бир-эки жаранга жана милиция кызматкерлерине түкүрүү үчүн протокол түзүлгөнүн, алар кайсы кодекс боюнча жоопко тартыларын сурады.

Ички иштер министринин орун басары ал жарандар ошол учурда түзүлгөн протокол жана бузган мыйзамы боюнча жоопко тартыларын айтты. Анткени алар ошол учурда ишке кирген эрежелерди бузган.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жаңы кодекстер ишке кирген. Анын ичинде коомдук жайда түкүргөндөр үчүн 5500 сом айып каралган. Айып пулдун көлөмү эл арасында катуу талкуу жараткан. Өкмөт дагы аны азайтууга макул болгон.

491
Белгилер:
мыйзам долбоору, түкүрүк, мыйзам бузуулар, эреже, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Министрдин орун басары: түкүрүк деген сөз жокко чыгарылат, бирок...
Митингге чыккандардын көбү урнага басып барып түкүрүп жатышат. Сүрөт
Депутаттар түкүрүк үчүн айып пулду 5500 сомдон 1000 сомго түшүрүүнү сунуштады