Сотрудники муниципального предприятия Бишкекасфальтсервис демонтируют забор вдоль дороги в Манас в Бишкеке

Бишкекте Фучик көчөсүн кеңейтүү башталды

485
(жаңыланган 14:57 09.02.2019)
Оңдоо иштери Жибек Жолу проспектисинен аэропортту көздөй кеткен жолдо жүрөт.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкектин Фучик көчөсүн кеңейтүүгө даярдык башталганын мэрия билдирди. 

Сотрудники муниципального предприятия Бишкекасфальтсервис демонтируют забор вдоль дороги в Манас в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Жолду бойлой орнотулган 280 темир тосмо убактылуу алынды

Маалыматка ылайык, иштер "Бишкекасфальтсервис" ишканасы тарабынан жасалат. Оңдоо иштери Жибек Жолу проспектисинен аэропортту көздөй кеткен жолдо жүрмөкчү.

Жолду бойлой орнотулган 280 темир тосмо убактылуу алынып, көчө кеңейтилгенден кийин кайра коюлары айтылды. Алар "Тазалык" ишканасынын базасында сакталып турат. Эскерте кетсек, тосмолорго 3,6 миллион сом корогон.

485
Белгилер:
ремонт, көчө, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Мэрия: эки жылдын ичинде Бишкектеги 60 көчөнүн жолу оңдолот