Жазуучу Аалы Токомбаев жана уулу Улан Токомбаев

Акын, жазуучу, сценарист... Аалы Токомбаевдин уулу Улан жөнүндө 5 факты

1142
(жаңыланган 12:48 11.02.2019)
Мирбек Сакенов
Бүгүн, 10-февраль, белгилүү калемгер Улан Токомбаевдин туулган күнү. Көп кырдуу талант ээсинин көзү тирүү болгондо быйыл 78 жашка толмок. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ал жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

"Балканын" уулу. Улан Токомбаев 1941-жылы Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири катары саналган жазуучу Аалы Токомбаевдин уулу. Улан мектепти аяктаган соң "Кыргызавтомаш" заводунда иштеп, 1959-жылы приборлорду куруу заводунда эмгектенген.

Кыргызский писатель, поет Улан Токомбаев
© Sputnik / Александр Федоров
Улан Токомбаев 1941-жылы Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири катары саналган жазуучу Аалы Токомбаевдин уулу.

Жазуучу, акын... Атасынын жолун улаган Улан өзүнүн алгачкы чыгармаларын жыйырма жашынан баштап жарыялай баштайт. "Эң бактылуу адам" аталышындагы биринчи аңгеме, повесттер жыйнагы 1977-жылы жарык көрүп, окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынган. Ал негизинен орус тилинде жазып, кийин да бир топ чыгармалары чыккан. Дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн Токомбаев "Литературный Кыргызстан" журналында жооптуу катчы, кабарчы болуп да иштеп калган.

Кыргызский писатель, поет Улан Токомбаев
© Sputnik / Александр Федоров
Токомбаевдин "Эң бактылуу адам" аталышындагы биринчи аңгеме, повесттер жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн.

"Кыргызтелефильмдин" негиздөөчүсү. Калемгерликтен сырткары, телеге ылайыкталган тасмаларды тартуу менен алектенген. Жаш талант 1967-жылы Москвадагы мамлекеттик кинематография институтунун сценарий бөлүмүн аяктап, Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадиокомитетинде улук киноредактор болгон. "Кыргызтелефильм" студиясында башкы редактордун орун басары, башкы редактор, режиссёр, директор болгонго чейин жетишкен. Так ошол студияны ал өзүнүн аракети жана демилгеси менен ачкан. Анткени республикадагы жападан жалгыз канал үчүн атайын тасмаларды тартуу мезгилдин талабы болгон.

Калемгерлердин династиясы. Улан Токомбаев белгилүү акын Светлана Токомбаевага (Суслова) баш кошуп, эки уулду татыктуу тарбиялап өстүргөн. Улуусу Андрей учурда Кыргызстандагы эл аралык маалымат кызматтарынын биринде редактор болуп эмгектенсе, кичүүсү Шербото жазуучу, психотерапевт.

Кыргызский писатель, поет Улан Токомбаев
© Sputnik / Александр Федоров
Улан Токомбаев белгилүү акын Светлана Токомбаевага (Суслова) баш кошуп, эки уулду татыктуу тарбиялап өстүргөн.

Өмүрүн телеге арнап... Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер "Коридор", "Моя Азия", "Раненое сердце", "Ата Журт", "Прерванный полет", "Мекен" фильмдерин тартып, бир топ телефильм, киноповесттердин сценарийин жазган. 1990-жылдары көптөгөн теледолбоорлорду ишке ашырган. Токомбаевдин балдары атасы жаны тынбаган, командировкадан колу бошобой чыгармачылык менен гана алпурушкан жан болгонун эскерет. Ал эми кесиптештери аны шайыр, жаратман инсан катары унутпай сөз кылып келишет. Жазуучу оорудан улам 2001-жылы 60 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

1142
Белгилер:
Улан Токомбаев, факты, жазуучу, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (293)
Тема боюнча
Айтматов Пушкин, Толстойдон эмне үйрөнгөн? Орус адабиятынын таасири тууралуу 5 факты
Атасы 60 жашында көргөн тун бала. Төлөгөн Касымбеков тууралуу 8 факты