Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондорго кар көчкү түшөт

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАйыл. Архив
Айыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарылдыгын эскертти.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош —Сары-Таш — Дароот-Коргон — Кара-Мык жолунун 98-123-135, 176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн", — деп жазылат маалыматта.

ӨКМ жолдор тайгак болуп муз тоңорун жана унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарылдыгын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0