Мужчина проверяет выписан ли штраф за нарушение ПДД в рамках проекта Безопасный город на сайте государственных услуг.

"Коопсуз шаар" системасы боюнча айып салынган-салынбаганын кантип билсе болот

894
(жаңыланган 09:47 12.02.2019)
12-февралдан тарта Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган фото-видеокамералар толук иштей баштайт.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузуу боюнча сизге айып салынган-салынбаганын мамлекеттик кызматтар сайтынан билүүгө болот.

Каталогдон "Проверка штрафов" деген бөлүмдү тандайсыз. Андан кийин паспортуңузда көрсөтүлгөн 14 сандан турган персоналдык идентификациялык номерди (ПИН) жазасыз дагы машинанын мамлекеттик номерин киргизесиз.

12-февралдан тарта Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган фото-видеокамералар толук иштей баштайт.

Камералар Бишкектеги көчөлөрдүн 10 кесилишине жана аймактардагы 17 жерге коюлду. Алар эреже бузуунун 7 түрүн каттоого алат.

894
Белгилер:
айып пул, Коопсуз шаар, Бишкек
Тема боюнча
Камералар ушул жети эреже бузууну каттайт. "Коопсуз шаардын" видеосу
"Коопсуз шаарды" кайдан туруп башкарышат. Сүрөт
Эртеңден тарта "Коопсуз шаар" иштей баштайт. Видео