Улуттук онкология жана гематология борборуна кандай жабдуулар алынарын вице-премьер Алтынай Өмүрбекова айтып берген

Улуттук онкология борборуна жаңы жабдуулар алынат. Тизме

99
(жаңыланган 09:47 12.02.2019)
Онкология жана гематология борборунун корпустарын оңдоо жана реконструкциялоого 310 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 11-фев. – Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборуна кандай жабдуулар алынарын вице-премьер Алтынай Өмүрбекова айтып бергенин өкмөттөн кабарлашты. 

Өмүрбекова борбордун бир нече бөлүмдөрүн кыдырган. Анын айтымына караганда, 2017-жылдан бери 310 миллион сом бөлүнүп, учурда медициналык мекеменин ремонт иштери толугу менен аяктады.  

  • Вице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова посетила отделения маммологии, абдоминальной и торакальной хирургии
    Улуттук онкология жана гематология борборуна кандай жабдуулар алынарын вице-премьер Алтынай Өмүрбекова айтып берди
    © Фото / Пресс-служба правительства КР

1 / 2
© Фото / Пресс-служба правительства КР
Улуттук онкология жана гематология борборуна кандай жабдуулар алынарын вице-премьер Алтынай Өмүрбекова айтып берди

Вице-премьер белгилегендей, эки ырааттуу тездеткич сатып алууга сынак аяктап, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталган.

“Учурда компьютердик томография, кыска фокустук рентген-терапия, рентгеноскопия, рентгенография үчүн аралыктан башкаруучу рентгендик аныктоочу санариптик комплексин сатып алууга келишим түзүлдү. Ошондой эле эндоскопикалык жабдууларды, гистологиялык лабораториялык комплексти, премиум класстагы ультра үн тутумун жана хирургиялык жабдууларды, видеобронхоскоп жана видеогастроскоп сатып алуу боюнча иштер жүрүүдө”, — деди Өмүрбекова.

Ал ошондой эле жогоруда аталган жабдуулардын бардыгы “Кумтөр” компаниясы бөлгөн 7 миллион доллардын эсебинен алынарын кошумчалады.

99
Белгилер:
жабдуу, Онкологиялык улуттук борбор, Бишкек
Тема боюнча
Онколог: калы, меңи бар адамдар онкологго көрүнүп коюшу керек