23 миң сом! Жол эрежесин бузгандарга салынчу айыптардын көлөмү

© пресс-служба мэрии города БишкекПодготовка к проекту "Безопасный город" в Бишкеке
Подготовка к проекту Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камералар борбор калаанын 10 кесилишине орнотулган.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бүгүн, 12-февралдан тарта, Бишкек шаарында "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады.

Жол эрежесин бузууларды каттай турган камералар борбор калаанын 10 кесилишине орнотулуп, Чүй облусунун ар кайсы аймактарына дагы 20 радар коюлган. Камералар жети эреже бузууну каттоого алат.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кайсы эреже бузууга канча айып салынарын жарыялады:

1. Жол чырактан өтүп кеткендерге экинчи категориядагы айып: жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 000 сом;

2. Каршы тилкеге чыгуу. Биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом;

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил Центр мониторинга ГУОБДД МВД КР - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар" долбоору боюнча камера коюлган кесилиштер. Карта
3. Тротуар, веложол, газон менен жүргөндөр. Биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом.

4. Стоп линиядан өтүп токтоо. Биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом.

5. Жөө адамдар өтө турган жол чийинден эреже бузуу. Биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом.

6. Көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 20 чакырымга ашыра айдоо. Биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом.

Көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 40 чакырымга ашыра айдоо. Төртүнчү категориядагы айып: жеке жактар үчүн 7500 сом, юридикалык жактар үчүн 23000 сом.

7. Аялдама менен унаа токтотуучу жайлар боюнча эреже бузуу. Жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0